
Президент класстык чинди аны колдогон депутаттарга берди. Мындай пикирин депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, 28 гана депутаттын аталган наамды алуусу адилетсиздик.
«Класстык чинди берүүдө конкреттүү критерийлер коюлуу керек. Эгерде адам бул же тигил мамлекеттик кызматка орношсо, депутат болуп шайланып же министр болуп дайындалса ал автоматтык түрдө класстык чинге көрсөтүлүшү шарт. Же чин тапшырууну жоюп салуу керек. Болбосо тең укуктуулук жана калыстык сакталбай жатат. Президент кандай критерийлерге таянып жаткандыгы мага белгисиз. Эмнеге бардык 120 депутатка эмес, класстык чин 28 гана эл өкүлүнө берилди?», - деди депутат.
Ошондой эл ал чин алган депутаттардын тизмеси менен таанышып чыккандыгын, аталган наам президентти колдогон эл өкүлдөрүнө гана берилгендигин айтты.
«Мен бул жерде эч кандай критерийди көргөн жокмун. Менимче президентти колдобогондор эч качан мындай наам ала алышпайт. Мен бул сөздөрдү өзүм класстык чин албай калгандыгымдан айтып жаткан жерим жок. Мага 2001-жылы эле берилген. Мен экинчи рангдагы кеңешчимин», - деди Жээнбеков
булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел