
Бул тууралуу журналисттерге "Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров билдирди.
Анын айтымында, аталган кыймыл курултайга бардык революциячыларды чакырып, жасалган иш боюнча баяндамасын окуп, эки ыңкылаптын жыйынтыгын чыгарат.
«24-мартта биз 2005-жылдагы ыңкылап күнүн белгилейбиз. Биздин талаптар азыркы убакытка чейин аткарылбаганынын себебин талкуулап, Кыргызстанда саясий куугунтуктоо уланып атканы жөнүндө сөз кылабыз. Курултайга президент Алмазбек Атамбаевди да чакырабыз. Экс-президент Роза Отунбаева да, убакыт таап, бизге кошулса жакшы болмок», - дейт Бекназаров.
Кошумчалай кетсек, анын кыймылы эч кандай митинг өткөрбөйт.
«Бүгүн мен камактагы "атажуртчу" депутаттардын сот иши каралып жактан жыйынында чыгып сүйлөйм. Депутаттар күнөөлүү эмес деп ойлойм, алардын адвокаттары муну далилдеп берет. Айыптоочулардын Камчыбек Ташиевди 10 жылга эркинен ажыратууну суранганы мен үчүн таңгалычтуу болду»,- деди ал.
булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел