15 марта 2013, 09:11

Акаев эмнеге жанталаша баштады?

Акаев эмнеге жанталаша баштады?
Акыркы кезде Москвада «сүргүндө» жүргөн экс-президент Аскар Акаев аялы Майрам экөө алмак-салмак ММКга чыгышып, адаттагыдай эле өздөрүн сүттөн ак көрсөтүп, Кыргызстандын да, өздөрүнүн да азыркыдай акыбалына башкаларды күнөөлөп чыгышты. Бул тууралуу «Агым» гезити 15-мартта чыккан санында жазууда.

Айрыкча Кумтөр маселесинде Аскар Акаев он беш жыл элге кандай калп айтып келсе, азыр деле ошол адатынан жазбаганын даана көрсөттү. «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолорунда» Дастан Сарыгулов менен Темир Сариевдин ошогезде кылган иштерин күбө тартып күнөөлөп өттү эле, экөө тең Акаевдин адаттагы калпын ошо замат чыгарышты. Темир Сариев 2003-жылкы Жогорку Кеңеш токтомун көрсөтүп, анда депутат кезинде Кумтөр боюнча кандай добуш бергенин далил менен айтты.

Негизи Аскар Акаевден кыргызстандыктардын сурай турган суроолору көп. Эмдиги жылы ал жетимишке чыгат. Жок дегенде ушу жашка келгенде чындыкты айтып берсе, балким эл да кечирип, ал мекенине коркпой-үркпөй келээр беле…, дейт гезит.

Булак : «Агым»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter