15 марта 2013, 10:09

Гимндин экинчи куплетин алып салуу боюнча ЖК токтому иш жүзүнө ашырыла элек, - «Биринчи радио»

 
Гимндин экинчи куплетин алып салуу боюнча ЖК токтому иш жүзүнө ашырыла элек, - «Биринчи радио»
КТРКнын «Биринчи радиосунда» одоно катачылык менен кетип жатат деген гимндин экинчи куплети боюнча «Баракелде» сайтына чыккан маалыматта айтылган эки тургундун айткан сын пикирлери негиздүү эмес, аны одоно деп айтууга азырынча эртелик кылат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» продюсери Таалайгүл Сыдыкбекова билдирди. Анын айтымында, 2012-жылдын 27-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик гимндин жаңы редакциясына гимндин экинчи куплетин алып салуу боюнча токтому иш жүзүнө ашырыла элек. «Бул токтом өлкөнүн баш мыйзамынын 16-беренесине каршы келет деген президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кыргыз өкмөтүнүн башчысына жиберген катынын негизинде биз азырынча экинчи куплетин алып салбай уктуруп жатабыз. Бул маселе акырына чейин чечилбегендиктен гимн мурдагыдай толугу менен кетип жатканы чындык. Бир гана «Биринчи радиодо» эмес, башка жерлерде да гимн толугу менен ырдалып жатканын белгилей кетели», - дейт ал.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter