15 марта 2013, 10:27

"Ар-Намыс" фракциясы БШК башчысын отчет берүү үчүн чакырат

"Ар-Намыс" фракциясы БШК башчысын отчет берүү үчүн чакырат
Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын бүгүнкү, 15-марттагы, жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду чакырууну сунуштады.

Депутат БШКнын жетекчилигине талапкер "Ар-Намыс" фракциясы тарабынан сунушталганын эске салды. "Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин чарбалык иштерине карата коомчулук арасында терс көз караштар пайда болууда. Аны кымбат баалуу машина сатып алды деп айтышууда. Ошентсе да Абдраимов өзүн өтө туура эмес алып жүрүүдө. Мен жеке эки кат жибергем. Эки ай өттү, бирок дагы деле жооп ала элекмин. Андыктан мен БШКнын башчысынын отчетун угууну сунуштайм", - деди Алтыбаева.

Депутат айымдын сунушу колдоо таап, Абдраимовду фракциянын жакынкы жыйынына чакыруу чечими кабыл алынды.

булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter