15 марта 2013, 10:43

Атажуртчу депутаттардын коргоочулары бүгүн акыркы жолу сүйлөшөт

Атажуртчу депутаттардын коргоочулары бүгүн акыркы жолу сүйлөшөт
Бүгүн, 15- март Биринчи Май райсотунун соту Адылбек Субанкулов айыпталып жаткан атажуртчу депутаттардын коргоочуларына акыркы жолу сөз сүйлөөгө уруксат берет. Учурда сотто депутаттардын кесиптеши депутат Курмантай Абдиев сөз сүйлөп жатат. Ал 3- октябрдагы окуянын кандайча өнүккөнүн баяндап берди.

Кошумчалай кетсек, соттун имаратынын алдында атажуртчу депутаттардын тарапташтары жыйналып турат. Милиция кызматкерлери имаратты курчоого алган.

Эске сала кетсек, 2012-жылдын 3-октябрында "Ата Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Кийин алар бийликти басып алууга аракет кылган деген күнөө менен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул иш боюнча сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 10-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

Ал эми кечээ, "атажуртчу" депутаттардын иши боюнча сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу соттон аларга  9 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.

Айыптоочунун айтымында, депутаттар бузган мыйзам Кылмыш кодексинин оор беренесине жатат.

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жыл, Талант Мамытовду 9 жыл, Кубат Кожоналиевди 8 жыл,  ал эми жан сакчыларын 3 жылга эркинен ажыратууну суранган.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter