
Мародерлор маселеси каралаардын астында резиденцияга Отунбаева, И.Исаков жана Текебаевдер келип, бир маселени талкуулашып, анан акырын мародерлукка өтүп кетишиптир. Бул тууралуу «Алиби» гезити 15-мартта чыккан санында маалымдайт.
Бийликтеги үлкөн кишилердин бири: «Мен «Ата Мекенди» мародерлуктан коргоп, элге уят болуп бүттүм. Уурулук кылсаңар кичине жашырып кылбайсыңарбы, мен эми коргой албайм», дептир. Аны И.Исаков колдоптур. Текебаев болсо бултуңдап, «мародерлукту жалгыз эле «Ата Мекен» кылган эмес. Бизди курмандыкка чалсаңар, силерди кошо ала жыгылабыз» деп кызаңдаптыр.
Отунбаева «Битке өчөшүп көйнөгүңдү өрттөбө» дегендей, бири-бириңе өчөшүп, силер азыр революционерлердин баарын мародер атка кондуруп, бири-бириң менен согушуп, баарыбызды каматканы жатасыңар, токтоткула» деп үч эркекти араң бир тилге келтириптир дешти узун кулактар, дейт гезит.
Булак : «Алиби»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел