15 марта 2013, 11:06

К.Исаев Ө.Бабанов менен болгон чыр эмнеден башталганын айтып берди

К.Исаев Ө.Бабанов менен болгон чыр эмнеден башталганын айтып берди
Учурда Бабанов менен эч кандай мамилем жок, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Ачык саясат» гезитинин 15-мартта чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, жолуга да элек. Ал өкмөт башчылыкка баратканда, алгачкы жолу биринчи коалицияны түптөп жатканда эле депутаттар менен эсептешпей калган. Баарын өзү чечип, өзүм билемдик менен иш кылган. Өз банкында иштеген жоро-жолдоштору менен өкмөткө барам деп, аракет кылып, ошолорго таянып калган.

«Ошондо биз ачыкка чыгып, биринчи жолу конфликт башталган. Өкмөт башчыга баратканда баарына эле маалым болсо керек, бир гана «Республика» фракциясы колдобой кармап турган. Ошондо мен бардык фракциялардын жетекчилерине «Бабанов премьер-министр болуп иштеп кете албайт» дегем. Анткени, бизнесмен Данияр Үсөнов өкмөт башчы болуп турганда көргөнбүз, ишкерлер кандай иш алып бараарын. Негизи эле бизнесмендердин ой жүгүртүүсү өз кызыкчылык, киреше болуп калат. Бул нерсе канчалаган жылдардан бери түптөлүп калган. Ал эми бир эле убакытта психологиясын, ой жүгүртүүсүн өзгөртүп салуу өтө кыйын. Бизнесмен мамлекеттик кызматка барган күндө дагы баары бир өз кызыкчылыгын ойлоп кетет. Мен партиялашыма каршы чыгып, парламентте ага добушумду берген эмесмин», - дейт ал.

Өкмөт башчы болгондо деле палатадан да, кыргыз гезиттери аркылуу да көптөгөн кемчиликтерин ачык айкын расмий түрдө айтып, билдирип эле жүргөм. Анан албетте, жетишкендиктерин дагы айтып келгем. Ортодон кандайдыр бир пикир келишпестиктерден улам, мен эс алууда жүргөндө мени фракция лидеринен алмаштырышты. Өзү дагы мени алмаштыргандан кийин өкмөт башчылыктан кетти, деп кошумчалайт депутат.

Булак : «Ачык саясат»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter