15 марта 2013, 11:11

К.Ташиев коргоо кызматындагы жаш баланы укмуш куубадыбы, олимпиадалык чемпиондой болуп, - Т.Ибраимов

 
К.Ташиев коргоо кызматындагы жаш баланы укмуш куубадыбы, олимпиадалык чемпиондой болуп, - Т.Ибраимов
Кыргызстанга революциянын кереги деле жок. Азыр революцияга жулунбай, ар ким өз ролун так аткарса, дейт КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талип Ибраимов «Де-факто» гезитинин 15-мартта чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, байкуш дыйкандарды бул жакка алып келип митингке чыгарышат. Алар жер айдап, өз тиричилигин кылыш керек да. «Мен болсом ошол алып келгендерди соттойт болчумун. Уюштуруп аткандарды КГБ дегени кармай албай эмне кылып жүрөт?», - деди ал.

«Акүйдүн тосмосунан ашып өткөндөрдү элдин баары көрүп турбайбы. Аларда жигиттик сөз деле жок окшойт, айткандарын эми танып кетип атышат. Анан камалганда эле оору болуп калат экен. Бою эки метр болгон Т.Мамытов жүрөк оору болуп, жатып калыптыр. К.Ташиев болсо жанагы коргоо кызматындагы жаш баланы укмуш чуркап, артынан куубадыбы, олимпиадалык чемпиондой болуп. Анан ошол кишини эртеси күнү ооруп калды десе, элдин баары таң калат да», - дейт Т.Ибраимов.

Ошондой эле, ал оппозиция боюнча өз оюн айтып, азыр оппозиция деген сөздү жамынып алып эле бийликке келүү аракети болуп атпаканын белгиледи. Конструктивдүү оппозиция жок го бизде, деп кошумчалайт маданий ишмер.

Булак : De-факто
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter