15 марта 2013, 11:27

К.Исаев: Азыр митинг уюштуруп жаткандардын баары эле кызматтан түшүп, кызмат жетишпей калгандар

К.Исаев: Азыр митинг уюштуруп жаткандардын баары эле кызматтан түшүп, кызмат жетишпей калгандар
Төңкөрүштү эл көтөрө алабы, көтөрө албайбы билбейм, бирок экономикабызга, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө бул абдан чоң таасирин тийгизет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Ачык саясат» гезитинин 15-мартта чыккан санына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, дагы кайталануучу төңкөрүштөн Кудай сактасын. 2005-2010-жылдары элдин чагымдуулугу түгөнүп, бийликтин башында турган адамдарга нааразы болуп чыгышкан.

«Элде «бийликте турган адамдардан кутулбасак жашоо оңолбойт» деген ой пайда болгон. Ал эми азыр митинг уюштуруп жаткандардын баары эле кызматтан түшүп, кызмат жетишпей калгандар, Жогорку Кеңештин шайлоосун уттуруп койгондор. «Кир суунун ичинде балык жакшы кармалат» деген орустардын жакшы макалы бар. Менин оюмда, эч кандай төңкөрүш болбойт», - дейт ал.

Булак : «Ачык саясат»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter