15 марта 2013, 11:46

Өмүрбек Текебаевдин айлакерлигине сөз жок

Өмүрбек Текебаевдин айлакерлигине сөз жок
Өткөн жумада антимонополия боюнча мамагенттик жетекчилигине дайындалган Бабырбек Жээнбеков биздин кесиптеш эле. Бул тууралуу «Агым» гезити 15-марттагы санында жазды.

Эки ай мурда эле Атамбаевге сөөмөй кезеп, эмнеге кыргыз журналисттерин ушакчы дейсиң деп ачык кат жазып, ултандан султанга гезит аркылуу салам айтып, мен деген оппозицияга өттүм, бийлик кызматка чакырса такыр барбайм деп жанында жүргөндөрдү күбө тартып, айтор, жок жерден жакшы эле жасалма оппозиционер болгонсуп жаткан. Эми ошо Бабырбек оппозицияга чыккан бийлик, болгондо да ал өзү «мародер эле мародер!» деп жаагы айрылганча айкырып жаткан «Ата Мекен» партиясынын колу менен «чупа-чупс» суна койду эле, кайран киши алтымыштан ашып, чуркаса кыйналганына да карабай акактап жетип барды.

«Ата Мекендин» анабашы Өмүрбек Текебаевдин айлакерлигине сөз жок. Бирөөлөр бийликти тартып алат, айрымдар каршылашын жок кылып басып алат, кээ бирлерди анча-мынча кызмат менен жаагын баса турса болот дегенди айныксыз далилдеди, деп жазылган гезитте.

Булак : «Агым»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter