15 марта 2013, 12:10

Ажо тактысына ээ болгон адам сөзү менен үлгү боло албай жатат

Ажо тактысына ээ болгон адам сөзү менен үлгү боло албай жататСөз башы: Сүйлөсө да тилди да, башты да кесип салган журт башчысынын өйдүк-сөйдүк кептери өлкөнү кайда алып барат деп каңырык түтөтүп калчу болдук. Бир үйдүн ичине баарын батырып, сынганын жамап, таарынганын жазып, кер-мур айтышканын тууралап тартип сала албай жатат. Бу президентибиз антипатия-симпатия менен ооруган адамдай элес калтырчу болду. Кудайды оозанган адам бирөөнү кордоп сүйлөбөшү керек да. Чачылып бара жаткан бүгүнкү коомду сактап калыш үчүн алтын көпүрө болуп, акыл менен иш калчаса боло. Кетчү келиндей болуп президенттик күнүн санап олтурат. Ал күн деле бат өтөт. Оппозиция деле бүгүн бийликке жагымдуу шарттарды түзүп берип жатат. Ат тезегин кургатпай өткөргөн ызы-чуулар жок деп айтсак болот. Ниязов менен Чолпонбаев бир митинг өткөрөт экен деп обондорун, ак жоолукчандарын дежур жаштарын, чалдарын чыгарып бийлик чакчалакей түшкөнүнө күбө болдук. Мунусу аз келгенсип ажо теледен  ашатып кирди . Президент деген арбитр болуп, элге ишеним бериши керек. Ниязовду сынга алсам эле бийлигим сакталып калат деген  чолок ойдон алыс болсун. Бул сапар да  президенттин капыл-тапыл шашылыш маектери  болгону ал кишинин деңгээлин көрсөткөндөн башка бир муш ишке жарай алган жок. Бул боюнча пикирлерди берип коюуну эп көрдүк.[/i]

Адилет Айтикеев , "Алиби” газетасынын журналисти:[/b]

Учурдагы мамлекет башчы Алмазбек Шаршенович Атамбаев өзүнүн оорукчан адам экенин дагы бир ирет баса далилдеди. Алмазбек Шаршенович Биринчи каналга берген маегинде: Кыргызстанда жаңы, таза элитаны түптөйм" дептир. Эми сурап көрөлүчү, ушул киши элита деген сөздүн чечмесин билет бекен өзү? Деги эле элита барбы бизде? Кыргызстанда жогорку деңгээлде ой жүгүрткөн, аркы-беркини кеңири түшүнгөн интеллигенция бар. Бирок кайсы катмарды, кайсы топту элита деп атай алабыз?

Болуптур, ошол элитаны чын эле Алмазбек Шаршенович түптөйт экен деп коёлу. Анын алдыда 4 жылы калды. Ал кантип жана эмненин жардамы менен түптөйт? Деги эле 4 жылда элитаны эмес, бир кадрды өстүрүп чыгаруу мүмкүнбү? Мыкты кадр болом деп максат койгон бала алгачкы жогорку билимин алышы үчүн бери дегенде 5 жыл, ары дегенде 7 жыл окуйт да. Ал эми ошону элита дегенге болобу? Же Алмазбек Шаршенович Абдиль Сегизбаев, Фарид Ниязов, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев сыяктуу "кокочо-мокочолордон" топтойбу элитаны? Эгемендүүлүктүн 22 жылында Аскар Акаевич топтой албаган элитаны эмес, жөн гана кол аякка жарай турган тыңгылыктуу команданы Алмазбек Шаршенович топтой алабы? "Ал Каттани эмес, Көтани" , "Мен убагында Акаевди көчүккө тепкем", "Кулов козел, анын белин сындырам, ал менин белимди сындыра албайт", "Кечиргиле, биз балалык кылып коюптурбуз" деп ар кайсынын башын чаргытып жүргөн адам жок эле дегенде элита деген сөздү булгабай эле койсо дедим эле. Эми аны оозанмак түгүл түптөйм деп калыптыр, жүргүлө, жардам берип түптөшөлү..

Д. Жаныкулов[/b],[/b] «Ата-Журт» мекенчил саяс[/b]ы[/b]й партиясынын[/b]тө[/b]рагасынын орун басары[/b]:[/b][/b]

Ажо болуу бактысы ар бир эле адамдын тагдырына туура келе бербеси барыбызга маалым. Анан ошол ажо тактысына ээ болгон адам башкаларга жүрүм-туруму, сөзү менен үлгү боло турган деңгээлде болушу шарт эле да. Тилекке каршы биздин азыркы ажобуз оюна келгенди эле "балп” эткизе айтып салуу жагынан деги алдына эч кимди салбай калды окшойт. Баягы эле көнгөн кара жашигинин мүдүрү Кубат инисин олтургузуп алып берген маегинде анысын дагы бир жолу далилдеди.  Атамбаев мырза өз сөзүндө «Жерүй» боюнча айтып, «2009-жылы бакиевдер 300 сомго сатып жатканда эмнеге таластык тың чыкмалар унчугушпай олтуруп, эми 3 миллионго саталы десек кыйкырып чыгышууда. Анда кайда эле ошол эл тагдырын ойлогон азаматтар?!» деп күпүлдөп алды. Урматтуу ажобуз дал ошол убакта оппозициядагы досторун сатып,  Бакиевдин премьер-министрлик кызматын алып, дал ошол өзү айтып олтурган 300 сомго сатылган «Жерүй» алтын кенин ачылсын деп Таласка барып «Ак-Сай» айылында таш баранга алынганын, анын азабынан жергиликтүү тургундар бийлик тарабынан куугунтукталып, алтымыштан ашып калган айрым айыл тургундары аялдардын кийимин кийишип чет өлкөлөргө качып кутулушканын, ошол адамдар азыркыга чейин  чет жакта баш калкалап жүрүшкөнүн эсинен чыгарып салганбы? Ошонун азабынан бир катар мекенчил жигиттерибизге кылмыш ишин козгойбуз деп күч структуралары күпүлдөп камакка алышканда, таластык аксакалдар арачага түшүп, Атамбаев мырзадан кечирим сурап жатып балдарды араң кутултушканын Алмаз мырза унутканбы? Же Кубат Оторбаев иниси экөө олтуруп алып саймерден айтыша берсе боло береби? Өзү айткандай Кудай бар да, анан калпты дагы кичине Кудайды карап айтпайбы. Анан дагы ажобуз « Садыр Жапаров деген Бакиевдин убагында Коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигин жетектеп турганда эмнеге «Кумтөр» маселесин көтөрбөйт да, эми эсине келгенсип кыйкырып олтурат» дейт. А өзү ошол кезде, Бакиевдин убагында премьер-министр болуп олтуруп «Кумтөр» жөнүндө ооз ачып койгон эмес деп айта турган адам жок. «Өлкөбүздүн тышкы карызы 3 миллиард 200 миллион доллар болуп кетти, керек болсо  жаңы төрөлүп жаткан балдарыбыз дагы моюнунда карызы менен жарык дүйнөгө келүүдө»   деп чуу салып кыйкырып жүрсөк, кайдагы бир канадалык ишкерлер биздин "Кумтөрдөн” 11 миллиард доллар таза кирешени сыртка чыгарып кетип жатканын чырылдап айтып жаткан Садыр Жапаров жаманбы, же ошол чет өлкөлүктөрдү коргоп, жактоочу болуп олтурган Атамбаев жаманбы эл көрүп эле турат да. Бул жүзүкаралар жөнүндө Президент болуп туруп Атамбаев ооз ачпаса, анан Садыр Жапаров, деген өңдүү эр азаматтар айтып чыкты эле, аларды бир паста зынданга салып ооздорун жабууга аракет көрүп олтурат. Элдин баарын Акаевчи, Бакиевчи деп бөлүп олтуруп дал ушул итке минген абалга келгенибизди ажо Атамбаев билбейби?! Деги ушул президенттин айта турган сөзүбү. Элибизде «Улуу сөздө уят жок» деген накыл кеп бар. Кыргызстанда бирөө катуурак оосуруп койсо деле, «Бакиевдер акча төлөп оосуртушуптур»  деп теледен саймедирей бергенди качан токтотобуз? Бакиевдин Кыргызстандан качканына быйыл үч жыл болот, деги бизде бирөө элдин тагдыры үчүн жоопкерчилик алганбы, же дагы деле Бакиев жоопкерчиликтүүбү деген ойго келесиң. Бакиев дагы бир жаман нерсе болсо эле «Акаевдин кылганы, ошолор каржылап акча берип жатат» деп бардык нерсени жөн жаткан Акаевге шылтай берчү эле, эми Атамбаев дагы ошол жолго түшүп алды.  Бул ажобуз эгерде элдин курсагы ток, кийими бүтүн болуп, коомубузда акыйкаттык өз өкүмүн жүргүзүп жаткан болсо, Бакиев, Акаев эмес балекеттин өзү келип каржыласа дагы эл байкуш көтөрүлүшкө чыкпай эле өз жашоосун тынч өткөрө берерин сезет болду бекен. Кыргызстанда бүгүн ажо Бакиев эмес, Атамбаев экенин, теледен чыгып алып бардыгын качанкы Бакиевге эле шылтай бербей, кичине өзү дагы эл үчүн аракет кылып коюшу керектигин бу ажобузга түшүндүрүп койор киши барбы?  Же «Кудай бар, буюрса баары укмуш болот, алма быш, оозума түш, алтындарым мага ишенип койгула» деп эле олтура берсе иш бүтүп калабы? Улуу төкмө агабыз Эстебес айткандай «батага эле ишене бербей, өзү дагы аракет кылса»  анан берекетин көрөр эле.                

Нургазы Анаркулов, "Майдан.[/b]kg[/b]” гезитинин башкы редактору:[/b]

- Президенттин "Мир” жана Коомдук биринчи каналга берген маегин көрүп олтуруп, мен "Кыргыз гезиттер биримдигин” (КГБ) түзүү салтанатында депутат Равшан Жээнбековдун сүйлөгөн сөздөрүн эске түшүрдүм. Анда Р.Жээнбеков президенттин мамлекеттик ишмер катары калыптана электигин сөз кылган. Башкача айтанда, тарыхта Атамбаев президент катары калышы мүмкүн, бирок, Ататүрк же Чавес сыяктуу улутуна эмгеги сиңген, өз өлкөсүн көтөргөн мамлекеттик ишмер катары калышына күн өткөн сайын күмөн саноолор күчөөдө. Анын ой жүгүртүүсү, сүйлөө речи башкалардан жогору болуп, айырмаланып турушу керек болчу. Өлкө башчысы маек бере турган болсо, масштабдуу маселелерди, маселен, мамлекетти кантип өнүктүрүү керектиги сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүшү керек болчу. А биздин президент 100 адамдын башын бириктире албаган Мукар Чолпонбаевге окшогондорду жамандап олтурат. Эң эле кыжырга тийгени, анын дале эски пластинкасын алып чыгып, баарына Бакиевдерди эле күнөөлөй бергени болууда. Бул ыр капкачан ырдалып бүтүп, элди тажатпады беле? Андан бери канча жыл өттү. Бир жыл, эки жыл шылтаса болот, а бирок, үчүнчү жылы жылыш болуш керек да. Болбой жатса, башкага шылтабай, колунан келбегендигин моюнга алышы керек. Мен бир топ адамдардын пикирин уктум. Көпчүлүгү Путинди айтышат: "Эмнеге биздин президент да орус лидерине окшоп олуттуу маселе көтөрө албайт?”- дешип. Айтор, президенттин кеңешчилери ушундай багыт берген болсо, аларды айдаш керек. Элге жаман көрсөтүп бүтүштү. 

Булак: "Арена.[/b]kg[/b]”. [/b]
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter