15 марта 2013, 13:13

Милициянын ким экенин айтып берсең, криминалдын ким экенин айтып берем

Милициянын ким экенин айтып берсең, криминалдын ким экенин айтып берем
Сүрөтү жок министр

Шамил Атаханов, кетерине бир жума калганда журналисттерди чакырып, "агынан жарылып" аңгеме куруп берген эле. Аңгыча кадрдык өзгөрүүлөр болду. Шамил Есенжанович, өзү айткандай, ден соолугу мыкты эмеспи, "кирип-чыгып", таластыктарды да таарынтпай, укук коргоо тармагына баш-көз болчу жылуу орунга отуруп, анын ордуна Абдылда Суранчиев отурду. Акаевдин убагында ИИМдин "казан-аягын калдыратып кеткен" Абдылда Суранчиев акыркы үч жылдан бери кызматы жок жүргөнгөбү, бирин-экин жерден эле табылбаса, бадырая түшкөн сүрөтү жок экен. Өкмөттүн сайтында аты-жөнү гана илинип турат. "Кешиги жок элдин генералы көп" эмеспи, ИИМдин "генералдар клубунун" тизмесинде 38-орунду ээлейт. Анын келиши менен орун басар Б. Жусубалиевдин"министр болушун" "карапайым милиционерлер каалайт экен" деп ЖМКлар аркылуу жогору жакка кулак кагыш кылып көргөн тараптардын аракети ишке ашпай калды. Ошентип, "таалайлуу менен талашпа" дегендей, ИИМ, сүрөтү жок болсо да, сүрү бар Абдылда Суранчиевдей пайгамбар жашындагы министрлүү болду. Минтип, кызмат орундар "каймакка куймак куйгандай" жарашып жатып калганы менен, формасы да, реформасы да "сөгүлүп" кеткен ИИМдин абалы "мышык ыйлаган" бойдон турат.

Абдулла соттолду, Атаханов "чоң болду"…

Зарылбек Рысалиев күпүлдөп иштеп жатып, күтүүсүздөн Абдулла Юсупов "чечектин" кылмыш иши менен "ата мекенчи" төрт депутаттын талап-тоноочулукка тиешеси бар деген маалымат аралашып кетип, чуу көбөйгөндө кызматынан ыргып кеткен. Анын ордуна келген Шамил Атахановду айрымдар "төрт депутаттын артын жууп-тазалашып алып келишти" деп да чуулдашкан. Жарыктык киши, муну төгүндөп койбой компоюп иштеп жаткан. Февралдын башында парламент, ансыз да бюджетке күч келтирген "вицелердин" катарын көбөйтүп, "бөйрөктөн чыккан шыйрактай" болгон күч органдарынын ишин координациялоо боюнча вице-премьер деген кызматты бекитип, Атаханов аксакал ал орунга жайланышып отуруп калды. Ушуга удаа эле, мурун да "көп чок баскан" Абдулла Юсупов 17 жылга соттолду. 

Үсөн Касыбеков аттуу кесиптешибиздин "божомол менен дөдөмөл" кыргыз журналисткасын артка тартып турат" деп чырылдаганы бар. Бирок, кээде ушундай фактылардын дал келүүсү айла жок "божомол-дөдөмөлдүн" жаралышына негиз болот окшобойбу.

"Криминал" баш көтөрдүбү?

Ошентип, ИИМдин министрлери "шапкедей" алмашканы менен, абал ошо бойдон. Зарылбек Рысалиев "менин учурумда криминал көчөгө чыкпай калган" деп чырылдаганына эч ким деле маани берген эмес. Бүгүн абал такыр башкача. Жалал-Абадда көчөгө чыкмак түгүл, Болот аттуу Жаныш Бакиев менен жакындыгы, кримдүйнөгө тиешеси бар адамды көчөдөн эле торойто атып кетишти. 

ОПГнын мүчөсү экендиги кашкайып турса да, "Ата Мекендин" лидери баш болуп ооз ачпай туруп, шайлоодон өткөрүп жиберген Алтынбек Арзымбаевге же болбосо "Жинге" жин тийип бирөөнү бутка атып салды. Маалымат берген тараптар бир туруп ок атуучу, бир туруп травматикалык куралдан аткан деп жымсалдай албай убара болуп жатышат.

Бишкектин Түштүк дарбазасында алты адамдын акча талашкан чыры ок атууга уланып, бир адам каза тапты. Муну криминал менен байланыштырбаган күндө деле, "ОПГ" деп чекесинде жазылып же колунда документи болбогондон кийин кыргызстандыктар кандай ойдо калышы мүмкүн? 

Бул сыяктуу 90-жылдардагыдай курал көтөрүп, ээн баскан фактылар, ОПГсыбы же башкасыбы, кыргыз милициясын тоготпой калганынан кабар берет. 

"Кедери кеткендин келини ууру кылат" 

Кыргыздардын ушундай айла кеткенде айткан макалы бар. Анын сыңарындай кыргыз милициясынын катарында "погондоруна чок түшкөн кадрлар" көбөйүп бара жатат. Өткөн жылдын этегинде генерал-майор Мэлс Бекбоевди бир муштап мурдун сындырган милиционер кармалган эле. "Генералды сабагандан кийин бизге эмне жок" деп карапайым калктын үрөйү учкан. Бул окуя деле күндүн бүктөмүндө калып кетти. 

Кечээ жакында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнө КЖКнын 316 жана 323-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Көрсө, 2012-жылдын 1-декабрында Кемин райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу аял арыз менен кайрылган экен. Шордуу аялды күйөөсү мас абалында сабап салгандыктан, ооруканадан чыкпай жатып каза болуп калыптыр. Бирок, тергөөчү "өзүн-өзү билип" ишти жаап салган. 

Бишкекте Казакстандын жаранын "Дордой" базарында тоногон милициянын үч кызматкери кармалды. Чет элдик жаранды "Тойота" автомашинасына отургузуп, 109 миң теңгесин тартып алып, өзүн шаар четине алып барып таштап коюшкан. Иликтеп келгенде, Баңгизатты мыйзамсыз ташуу менен күрөшүү башкы башкармалыгынын инспектору, милициянын капитаны Медет Атакулов жана ИИМдин Мамлекеттик башкармалыгынын адистештирилген күзөт кызматчысы Бакыт Исаков, ошондой эле милициянын улук сержанты, мурда жасалма документи менен соттолгон Бакыт Чекилов болуп чыгып, булардын мындай тоноочулук иштер менен көп жылдан бери алектенип жүргөндүктөрү аныкталган. 

Биринчи Май райондук күзөт башкармалыгынын кызматкерлери өспүрүмдөрдү тоноп колго түшүп, булардын катарын көбөйттү. Милиция кызматкерлери минтип жаткандан кийин ОПГларга Кудай бербейби.

Күндүн темасы

Мурун "милиция келе жатат" десе, ыйлаган бала соорончу эле. Учурда милиция жана МАИ кызматкерлери "Тамашоунун" башкы каармандары. Айрыкча элдик толкундоолордон улам милициянын кадыр-баркы чачырап кетти. 

УКМК, ИИМ жана прокуратура тармактарынын ортосундагы, өздөрү байкатпаганга аракет жасаган менен, оркоюп калган тирешүүлөрдү тим эле коелу. Жеке ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгын ийгиликтүү аяктабай калган "операциялары" тууралуу "Алиби" гезити далай ирет жазды. 

200 кызматкердин маселеси чийки калдыбы?

Ш. Атаханов журналисттердин "кетет деген кеп чыкты" деген суроосун "уккан жерим жок" деп токтотуп, ИИМде аткара турган ишин узун сабак кылып айтып берди эле. Эсибизде калганы: "ИИМдин аппаратынан эле 200дөй кызматкерди ички иштер башкармалыктарына ишке которуп, абалдан чыкса болот" деген. Абдылда Шергазиевич топураган топ кадрдын маселесин кантет болду экен? Атаханов аймактарда аксакалдар сотторун жандандыруу, алыскы тоолуу аймактардагы участкалык инспекторлорго автоунаа болбосо да ат алып берүү тууралуу апакай тилектерди айтып жатып эле "чоңоюп" кетти. Эми түздөн-түз күч структурасын жетектеп жаткандан кийин "ИИМде орун алган бул кемчиликти билем" деп жетекчиликке алса керек деген ойдо турабыз. "Кресло жуушмай" бүткөндө, "элге-журтка убада кылдык эле" деп эстешет чыгар. Баса, бул маселелердин арасында Башкы прокурордун автоунаасын мыйзамсыз токтоткон деген үч МАИ кызматкеринин да маселеси бар. Ш. Атаханов "мыйзам чегинде кызматтарын калыбына келтиребиз" деп убада кылганынан, окурмандарга жарыя салып коюп ыңгайсыз абалда калдык.

Митингдер милициянын ишинин бир бөлүгү

Өткөн жумада Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жабык эшик артында талкуулап, ага күч органдары катышты. Коалиция Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча баяндамасын угуп, талкуулады. Тартип коргоо органдарына Таластагы, Жалал-Абаддагы жана Ысык-Көлдөгү митингдерди уюштуруу, каржылоо сыяктуу иштердин булагы, митингдерде чагым салууга аракет кылгандар ким экендиктерин аныктоо боюнча тапшырмалар берилген экен. Акыркы мезгилде ИИМдин иш-аракетинин бир багытын мына ушул максатсыз митингдерге жумшап, анын натыйжасында өлкөдө кылмыштуулук өсүп жатканын билсек да билмексен болобуз.

Эл үмүт кылат…

Албетте, ИИМдин "казаны оттон түшүп калды" деген эч ким жок. Алар болбосо, Кыргызстанды үчүнчү түгүл, алтынчы күчтөр аралап кетмек эчак эле. Ошентсе да, иши илгерилебей жаткан ИИМдин, башчыларын кандайдыр бир себептер менен "шапкедей" алмаштыра бербей, орто жолдо онтоп жаткан реформа маселеси каралып, формасы оңолуп, ага жараша иш-аракети алдыга жылып, милиция кызматкерлеринин эмгеги ошого жараша бааланса деген ой. 

Булак: "Алиби" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter