15 марта 2013, 13:40

Бабанов элден колдоо таппасын түшүндүбү?

Бабанов элден колдоо таппасын түшүндүбү?
Жаздагы пикет-митингдердин арты менен «Республикачы» Өмүрбек Бабанов бийликти басып алууну көздөгөнү кабарланган эле, деп жазат «Айбат» гезити 15-мартта чыккан санында.

Бирок, Өмүрбек Токтогулович маалымат каражаттары аркылуу жакшы эле актанды. Мунусун го туура түшүнөбүз, экс-партиялашы Канатбек Исаев айткандай: «Анан Бабанов төңкөрүш жасаганы атам демек беле?». Ал эми ишенимдүү булагыбыздан келген маалыматка таянсак, Бабановдун тизгинин тартышына эки нерсе түрткү болуптур. Биринчиден, бараандуу партиялаштары «Бийликти алмаштырууга барбайбыз, келечегибизди ойлоп иш кылалы» деп жолбашчысына каршы чыгышкан экен. Экинчиден, эл тарабынан колдоо таппастыгын түшүнүптүр.

Мына ушул жагдай Өмүрбек мырзанын позициясын өзгөртүүгө түрткү берди дейт. Ошентсе да, анын таптакыр тынчып калайын деген ниети жок. Парламентти ээрден оодарып түшмөйүнчө жаны тынбастыгын билебиз.

Булак : Айбат
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter