15 марта 2013, 13:53

Ушундай митинг кылуу уят да, - коомдук ишмер К.Исаев

Ушундай митинг кылуу уят да, - коомдук ишмер К.Исаев
Кечээки жетекчилер дагы, бүгүнкүлөрү дагы Европалык билим, маданиятка суугарылбаган, улуттун тарыхын, философиясын билбегендер. Бул тууралуу коомдук ишмер Кусейин Исаев «Айбат» гезитинин 15-мартта чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул нерсе алардын күнөөсү эмес. Ошон үчүн өлкөнү алдыга жылдыра албай атабыз. Улам-улам министрлерди алмаштырып атышат, бир жетекчиге жок дегенде үч жыл мүмкүнчүлүк бериш керек. Партиялык система менен шайланат деп эле айрым учурларда базарда отургандар жетекчилик кызматтарга коюлуп калып атат. Мунун баары биздин саясый элитанын замандын талабына жооп бере турган деңгээли жок экенин көрсөтүп атат. Ошондуктан, кеч болсо дагы президенттин жаңы элита керек деп айтканы туптуура. Бирок эми буга карата чечкиндүү чараларды көрүп, мүмкүн болушунча батыраак аткарууга аракет кылуу керек. 93-94-жылдары элиталык мектеп ачууну ошол кездеги президентке айткан элек. Макул болуп Воронцовканын жанынан мектеп ачышкан, бирок кийин ал да жок болуп кетти. Бардык жакта саясий элитанын өкүлдөрүн атайын даярдашат. Азыр деле стратегиялык ой жүгүрткөн, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес жаштар бар. Мына ошолорду бийликке тартуу керек.

«Саясий кырдаал боюнча оюм – ыңкылаптын максатын коргош керек. Азыркы бийлик аракет кылып атат. Бирок дагы да чечкиндүүрөөк болушса болмок. Ач көздөрдүн, тойбостордун, бийликке умтулгандардын сөзү болуп атат. Элибиз чарчап бүттү. Революцияга экономикалык жактан да, саясий-социалдык жактан да негиз жок.

Өтүп аткан митингдерди колдобойм, колдой турган учур келгенде колдоп эле жүргөм. Азыр өтүп аткандардын баары негизсиз митингдер. Мисалы, кечээки митингди карагыла, уят да ушундай митинг кылуу», - деди ал.

Булак : Айбат
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter