15 марта 2013, 14:03

Бабанов түзгөн кызмат “подстава” аркылуу ала таякчандарды аңдыйбы?

Бабанов түзгөн кызмат “подстава” аркылуу ала таякчандарды аңдыйбы?
12-мартта Чүй облусттук Жол көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкери, тактап айтканда, Нурлан Абдраев менен Болот Толоевди Каржы полициясынын ордуна түзүлгөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы пара менен кармагандыгын жар салып, коомдук каналдан көрсөттү. Протоколго кол коюу маалында алардын бирөө айдоо аянтын аралай качып, бирок атайын даярдыктагы кызматкерлер тарабынан колго түшүрүлгөнүнө күбө болдук. "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын МАИдеги коррупцияны ачыкка чыгаруу жана аны жоюу максатында рейдке чыгып, Бишкек-Торугарт жолунан жол эрежесин бузган айдоочудан акча алган эки МАИ кызматкерин кармап, Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы берген рапорттун негизинде "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "Пара алуу” беренелери боюнча  кылмыш иши козголду” -  деп билдирет  коомдук каналдын сайтында. Ошондой эле коомдук канал болгон окуяны төмөндөгүдөй баяндайт:

"Жол эрежесин бузган айдоочу МАИчилердин кылтагына дароо эле илинди. Тараптар соодалашкан соң, жолду күзөткөндөр 200 сомго айдоочуну кое берүүгө макул болду. Пара алгандарды кармоочулар акчаны алган МАИчилердин үстүнөн чыкты. Коркконунан качканын айткан МАИчинин чөнтөгүнөн акча чыккан жок. Көрсө, жанындагы шериги акча чогултуучу экен. Ал өз ыктыяры менен капчыгындагы болгон акчаны алып чыгып берди. Анын капчыгынан 6 миң сом, 650 рубль жана 200 теңге чыкты.  ИИМдин Жол  Кайгуул кызматында радарлар ижарага берилет”  деди. Көп өтпөй  "радарлар ижарага берилет” деген маалыматты  КТРК сайты кайра  жокко чыгарды.

Буга чейин  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы эмне иш кылып жатышкандары белгисиз эле. Тандалып алынган  кадрлар, экономикалык ири кылмыштардын бетин ачууга баштары жетпей жаткандыгы тууралуу да маалыматтар тараган. Ошондой эле  мурдагы Каржы полициясынын кызматкерлеринин жардамына муктаж болушуп, айрымдарын кеңешчи да кылып алышыптыр. УКМКнын алдында түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы да ишти  көчөдөгү МАИ кызматкерлерин пара менен колго түшүрүү аракеттеринен баштаган. Натыйжада колго түшүрүлгөн МАИ кызматкери Айбек Эшпаев УКМКнын СИЗОсунда табышмактуу өлүмгө дуушар болгон.  Эми ЭКККнын кызматкерлери да көчөдөгү "маичилердин”  артынан аңдып, кичине кыймылдай баштады. Негизи аталган кызмат мамлекеттик чоң ишканалардын экономикалык кылмыштарынын бетин ачуу, жазылган арыздардын негизинде иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүү болуп саналат. Ал эми көчөдөгү МАИни темир тор артына тыгып, анын жеп жаткан токочунан айрыганы менен, коррупциянын башы  МАИнин жетекчилигинде болуп жатпайбы. Бүгүн ЭККК кызматы эки  МАИ кызматкерин кармаганы менен, алардын ордуна эртең  башкасы келип 3-4 миң АКШ долларын берип иштей берет.  Кайрадан эле чоң коррупцияга жол ачылып, МАИнин чоңдорунун капчыгы жашылбайларга толот.  Коррупция менен күрөшүүдө мына ушул жагдайды ойлонсок.  

Кечээги окуяда МАИ кызматкерине  "500 сом берсе 300 сом кайтарып берген” -деп жатышат. Атайын  даярданып, КТРКны чакырып (КТРКны бир күн мурда чакырып, макулдашып албасаң, алар дароо эле чуркап бара калбайт) операция баштаган ЭКККнын кызматкерлеринин 500 сомунда  "взятка”  деген жазуусу жок экен.  Мындан улам аталган кызматтын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээли төмөн экендиги ачык байкалат.  Бул туурасында серепчи  Токтогул Какчекеевдин оюн билдик.

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:

"ЭККК кызматынын финансылык кылмыштардын бетин ачууга кудурети жетпейт”

- Агай, МАИ кызматкерлери пара алуу боюнча кармалганы туурасында сиздин оюңуз кандай?

- Менин угушум боюнча, ошол кишилер "500 сом акчаны майдалап бер” деп  МАИнин кызматкерлерине акча бериптир. Ошо маалда тигилер тартып, андан кийин кармашкан экен.

- Атайын даярдык менен баргандан кийин берилген 500 сомдо атайын коюлган белги болушу керек беле?

- Туура. Бул ЭКККнын  (Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы) өтө одоно иштегенинин белгиси. Мыйзамга туура келбейт. Анткени, МАИби  же мамлекеттик кызматта иштеген адам болобу эч айырма жок. Бул маселени тартып, жасаардан мурда  биринчиден, МАИдеги  коррупция тууралуу  маалымат менен кабардар болушса Өкмөттүн токтомунун негизинде иш алып баруулары керек эле.  Өздүк коопсуздук кызматы деген бар, мына ошолор менен биргеликте операция жасашса  мыйзамдуу болмок. Булар болсо, көчөгө чыгып эле көрүнгөндү кармап, көрүнгөнгө акчаны берип, өзүлөрү үчүн  пайдаланып, мыйзамдан тышкары чыгып кеткендей элес калтырууда.

- Кармалган МАИ кызматкеринин чөнтөгүнөн  акча табылды деп айтылды. Ал акчалардын баарын пара алып чогултту деп айтууга болобу?

- Эч кандай коррупция ал жерде жок. Адам орустун акчасынбы же казактын тенгесинби, балким АКШнын долларын алып жүрөбү ал  өз иши. Сомду гана пайдалангыла деген мыйзамда жазылган эмес. Мыйзамдын негизинде кызматтар коррупцияга каршы операция иштерин жасоодо, аларга жарандар тарабынан арыздар жазылышы керек. Ал арыз прокуратуранын көзөмөлүндө турат. Демек, кызматтар  прокуратура менен биргелешип, бул маселенин башын ачып, анан ошондо операция кылганга уруксат алышат. Анткени, "видео  жазуу” деген бул атайын кызматтын өтө оор жагдайы.  Ал деген адамдын Конституциялык укугуна кийлигишкен болуп эсептелет. Мен коомдук каналдан  көрдүм. Булар өздөрү барып алып эле жанагы ишти жасашты, МАИнин акчаны кармаганы көрүнбөйт.  Видеого тартуунун да сапаты  анчейин эмес. Эмне алып жатканы, эмне берип жатканы көрүнбөйт.  Угушума караганда,  МАИ кызматкери  "жол эрежесин бузуп кармаган жигит  "акча майдалап берчи” деди. Анан майдаладым” -  деп айтып отурат. Эми бул бүдөмүк иш болуп калды. Бул маселеге өтө кылдаттык менен караш керек. ЭККК кызматынын кызматкерлери финансылык кылмыштардын бетин ачууга  кудурети жетпейт. Анткени, аталган кызматтын кызматкерлери баары жаңы келгендер. Оперативдик иштин ыкмаларын билбейт. Алардын оперативдик иштерин  сайттан көрдүк. Көчөдөгү болбогон эки сержантты кармаганын.  Ошондуктан  жеке менин оюмда, булардын иштери  бирөөнүн тагдырына балта чабуу аракеттери болуп калды.  Бул туура эмес. Сержанттарды кармаганда эле мамлекеттик деңгээлдеги коррупция жок болуп кетпейт. (М.Э)

Булак: "Ачык саясат плюс”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter