15 марта 2013, 14:14

И.Абдуразаков: Кыйкырып эле, тамдан секирип түшкөн оппозиция эмес

И.Абдуразаков: Кыйкырып эле, тамдан секирип түшкөн оппозиция эмес
Баракелде - Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун «Айбат» гезитинин 15-мартта чыккан санына берген маегин төмөндөн окуй аласыз.

- Ишенбай агай, бүгүнкү саясатчылар от менен ойногондой эле иш кылып атышкандай. Жөнөкөй жаран катары, менде өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетип калбайбы деген коркунучтар жаралып атат. Бийлигин да, оппозициясын да бир ынтымакка чакырган, аксакалдык кебиңизди айтарсыз…

- Кыргызстан – кичинекей өлкө. Бирок, кичинекей өлкө деп эле алсыз болуп калбашыбыз керек. Кудайга шүгүр, кен байлыктарыбыз, башкалар суктана турган жаратылышыбыз бар. Анан ушундай Ата-Журтубуз үчүн эмгек кылганга даяр, Мекенин сүйгөн, ал үчүн кам көргөн адамдар көп болмоюнча, мамлекетибиз алдыга жылбайт. Мен ушундай оюмду айтып эле келатам. Уккан киши жок, укса да жасаган киши жок. Ошого карабастан, какшап эле айта бериш керек болуп калды, бирөөсү болбосо бирөөсүнүн кулагына кирер. Биринчи президентибизди айдап ийдик, экинчиси келди эле мурункусунан да жаман болуп чыкты. Ошондуктан, эл өзү «муну да көрдүк, муну да көрдүк» деп ойлоно турган убакытка келдик.

Парламентаризм аркылуу партиялардын ролун күчөтөбүз деп жатабыз, европалык стандарт менен карасак бул туура жол. Партия деген өлкөдөгү кырдаалды оңдош үчүн өздөрүнүн саясат жүргүзүү үчүн түзүлөт да. Бирок бул система бизде жаңы курулуп аткандыктанбы, айтор, бизде партиялар жеке кызыкчылыгын көбүрөөк ойлоп кетип жатат. Бул туура эмес көз караш. Азыр кайда барсаң депутаттарды «оюна келгенди оттой беришеби» деп сындап атышат. Парламенттин ишин көрүп атабыз, курамын көрүп атабыз. Айрым депутаттар эмнеге келип отурганын да билбейт, билими начар, өзүмчүл. Депутаттардын жарымы такыр жолотпой турган адамдар. Депутаттар десе баары эмес, алардын арасында мекенчил, эли үчүн күйүп-бышкан, билимдүүлөрү да жок эмес. Бирок, жарымынан көбү элдин купулуна толбой атат.

- Буга ким күнөөлүү?

- Бул суроонун пайда болгону туура. Көп депутаттар акчасын чачып, жеке кызыкчылыгы үчүн депутат болуп келиптир, бирок, эл деле алардын акчасына алданып, же жердешчиликке, непотизмге алдырып добуш берип коюп атпайбы. Бүгүнкү парламент мына ушундай добуш берүүнүн жыйынтыгы да. Ар бирибиз жашаган жерибизде билим, маданият деңгээли жогору, адеп-ахлактуу кыз-жигиттер бар да, ошолорду колдоого эмнеге болбосун? Азыр, айрыкча, адеп-ахлак маселеси катуу болуп атат. Эл уурулукка, талоончулукка көнүп алды. Илгери кыргыздарда ууру деген эң жаман адам катары аталып, ата-энесинин аброюна шек келтирчү. Азыр болсо бирөөнүн эмгегин талап, тартып алган нормалдуу көрүнүшкө айланып калганы өкүнүчтүү. Азыр эл өзүнүн алдында, Кудайдын алдында ушундай жаман нерселерден тазаланыш керек болуп турат. Эл оокаттуу, тың болгону жакшы, бирок ар бир адам ак эмгеги менен байысын да, бирөөнүн, мамлекеттин энчисине кол салбай.

- Бийлик коррупция менен күрөш жүргүзүп атканын айтып келет, сиз ушуга ишенесизби?

- Коррупция деген бир балээ, эл үчүн кырсык. Эгерде биз коррупцияны жеңе албасак, проблема чечилбейт…

- Бир катар депутаттар камакка алынды. Бийлик муну коррупция менен күрөш экенин айтса, айрымдар муну саясый куугунтук катары баалап атат. Сиз кандай дейсиз? Ошол эле Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Садыр Жапаровдорду мисалга алсак…

- Мисалы, Нариман Түлеевдин кылмыш ишинин быкы-чыкысын мен билбейт экенмин. Эми мэр болуп турганда мамлекетке зыян келтиргенин айтып атышат. Ал эми Ташиев болсо, айланайын, өзүн көрсөтүп койбодубу? Депутат жасай турган ишпи ошол? Тосмону секирип өтүп атканын көргөн адам кантип куугунтук деп айтат? Айланасындагы жакын адамдары ал эмне иш кылбасын колдоого алып, куугунтук дей берет. Бирок калыс караган адамдар дагы бар да. Азыр баарыбыз мыйзамды сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. Карап отурсаң азыр жаштар деле бузулуп баратат, материалдык кызыкчылыкты карап калышты. Бирок, ошолор менен катар эле мамлекеттин келечегине кайдыгер эмес жаштар бар.

- Эки депутатты айтып, Садыр Жапаровду айтпай койдуңуз. Жердешиңизди таарынып калат дедиңизби?

- Аны айтпай койгонумдун себеби, бул бала кээде болбогон эле бир нерселерди кыйкырып чыгара берет экен. Мисалы, Кумтөр боюнча жөн эле жулунуп чыга бериштин кереги жок. Кумтөрбү, башка маселеби, талдап, конкреттүү түрдө далилдеш керек да. Эгерде чет өлкөлүк инвесторлор биздин өлкөгө зыян келтире турган иштерди жасап атса, аны айтып, оңдош керек. Айрым адамдар мындай нерсени опуза кылып, пайда тапкысы келип атпайбы? Анан эле инвесторлор бир нерсе берип, «оозун жаап» койсо, отуруп калып атышат. Мындай болбош керек.

- «Кумтөр» тууралуу сөз башталып калды, жакында бул кен боюнча мамлекеттик комиссия жыйынтык чыгарды, аны менен канааттандыңызбы?

- Чынын айтайын, мен бул комиссиянын иши менен тааныша элекмин. Бир гана нерсени айтып коеюн, «Кумтөрдү» улутташтырыш керек» дегендер бар, мындан бизге пайда болбойт, зыян көп болот. Ошондуктан, айрым кеткен кемчиликтерди ошол инвесторлор менен чогуу отуруп алып, оңдогонго али деле кеч эмес.

- Парламентти таратуу үчүн атайын саясый топ түзүлүп чыкты. Сиз бул аракеттерди колдойсузбу?

- Эгерде азыркы парламент тарап, мунун ордуна, башка таза адамдар келсе мен макул болот элем. Бирок, жаңы шайлоолор болсо, кайра эле ушул күчтөр келет да. Анда эмнеге убара болушубуз керек? Андан көрө, менимче, ушулардын жасаган жакшы иштерин айтып, элдин көзүн ачалы да. Эл «кой, мындай шайлоо болбойт экен, иштей тургандарды шайлайлы» деген деңгээлге жетсе бир жөн. Азыр жөн эле элди дүрбөтөбүз.

- Жазында кайра революция болот экен деген сөздөр айтыла баштады.

- Көптөр революция менен төңкөрүштүн айырмасын билбейт экен. Мындай аракет Кыргызстанды жакшы жакка алып барбайт.

- Азыркы бийликтин жасап аткан ишине кандай баа бересиз?

- Алыбек алына жараша. Бул байкуштарды да түшүнүш керек. Кыйын кырдаалда иштеп атышат. Кескин кадамдарды жасаса болмок. Мисалы, президент ар бир маселе боюнча элге кайрылып турса жакшы болмок. Чындыкка таянып туруп, элге кайрылса, алар түшүнөт, колдоого алат.

- Азыркы оппозиция бийликке татыктуу оппонент болуп атабы?

- Бул оппозиция кызык оппозиция экен. Оппозиция деген коалициянын жасаган иштерин талдап, «бул жасаганы туура эмес болуп калды, биз муну менен макул эмеспиз, бул маселени чечүү үчүн бизде мындай сунуш бар» деп эл алдында айтып турушу керек да. Кыйкырып эле, тамдан секирип түшкөн оппозиция эмес. Негизи биз демократия деген эмне экенин жакшылап түшүнө албай атабыз. Эркиндик менен жоопкерчиликти айкалыштырганда гана биз жакшы демократияга ээ болмокпуз.

- Президент жаңы саясый элита керектигин билдирди. Аларды кантип пайда кылууга болот?

- Жаңы элита Кыргызстанга сөзсүз түрдө керек. Элитанын эки мааниси бар. Бирөө парламентпи, өкмөтпү, чечим кабыл алууга катышып аткандар. Андан сырткары, интеллектуалдык элита бар. Алар коомдогу жаңылыктарды, прогрессивдүү идеяларды элге тарата турган, адилет жүргөндөр. Бир шылтоону бетке карманып эле, элибизди артка тартып аткандар элита эмес да. Эгерде президенттин айтканы чын болсо, ошолордун ордуна прогрессивдүү жаштарды колдоп, алып чыгышы керек. Бирок, аларды дагы тыйып кое албайт. Коомубуз жаңыча ойлонгон, дүйнөлүк процесстердин жүрүшүнөн кабардар болуп, өзүбүздүн жүзүбүздү сактоо менен бирге дүйнөлүк процесстерге кантип кошула аларыбызды билген, өлкөнү өстүрө турган жаңы элитага муктаж. Уучубуз кур эмес, андайлар бар. Ошолорго жок дегенде моралдык колдоо көрсөтүш керек. Кыргыз-киргиз болуп, уруу-урууга бөлүнгөн мода болуп кетти. Мунун баары феодалдык калдык. Азыр биз улут болуп жарала элекпиз али. Улут деген эмне? Улут деген мамлекеттин кызыкчылыгын сактап, калган башка өлкөлөрдөн артта калбай, алар менен тең тайлаша турган мамлекетти түзүү үчүн аракет жасайт, өлкөдө жашаган бардык улуттар ошол мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшө турган атмосфера түзүш керек да.

Булак : Айбат
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter