15 марта 2013, 14:34

Таластыктар Атамбаевге эмне кылды?

Таластыктар Атамбаевге эмне кылды?
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, оппозиция 13-мартта  балээни баштайт дегенден бери тынч алалбай жаткандай. КТРКга чыга калып, кезектеги мактанууларынан кеп салды. Президентибиз приз-идент го чиркин… Кандай гана өңүттө маек куруп, мактанбасын лап эттирип сөзүнөн жаңылып, «сүйрү - приздерди» тартуулап салат. Дегенибиз КыТыРынын директору Кубат мырзага маек берип жатып  кезектеги  парламенттик шайлоо маселесин козгоду. Анан «Шаардык кеңешти шайлоодогудай  болуп уттуруп жибербей, бул шайлоого катуу даярдыктарды көрүшүбүз керек» десе болобу. Шаардык кеңешти шайлоодо Атамбаев кимге уттуруп жиберди? Белгисиз… Же өзүнүн СДПКсы Бабановдун «Республикасынан» артта калганын айтып жатабы? Кайсы партия утса да, утулса да президентке баары бирдей эмеспи… Тим эле Оторбаев менен үйүндө  чайлашып жаткандай эле сезип кетти окшойт өзүн.  Анан 5-каналдан маек берип жатып таластыктарды өчү бардай эле талкалап өттү. «Жер-үй» кенин таластыктар иштетпей жатат. Дотацияда отурган област болгондон кийин, кендерин иштетүүсү керек. Бул областтын мугалимдери менен врачтарына  республикалык  бюджеттен акча бөлүнүп жатат. Болбосо мароторий кылабыз» десе болобу. Так ошол таластыктардын арты менен  Бакиевдин кылмыштуу бийлигин кулатып, бийликке келгенин унутуп калганына жол болсун! Андан да «менин президент болгонума бир жылдан араң эле ашты» дейт. Атамбаевдин бийликте отурганына туура үч жыл  толду. Эмне өзгөрүү болду?  Унутуп калсаңыз эсиңизге салып коелу, 7-апрелден кийин премьер-министр болгонсуз,  ошол бойдон тактан түшө элексиз… Анан да «Бакиевдин тушундагы парламентте  «СДПКчы» депутаттардын микрофонун спикер өчүрүп салчу» - деп арман кылды Атамбаев. Э айланайын, микрофонду өчүрүп салса эле Отунбаева унчукпай жөн турмак беле. Ал кезде «СДПКчы» депутаттарыңыз Айбек Азыранкулов менен Мирбек Асанакунов  ооз ачып сүйлөй албаган балыктар болсо, Дамира Ниязалиеваңыз «акжолчу» депутат айымдар менен шерине жеп, КыТыРыдан түшчү эмес. Бир ирет КыТыРынын бир передачасына өзү тууралуу тартылып жатып,  3 миң АКШ  доллары турган шубасы бар экенин жар салган.  Азыркы «СДПКчы» депутаттарыңыз деле жыргатаарлык эмес…

Булак: "Ачык саясат" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter