15 марта 2013, 15:32

Жылдыз Мусабекова, Бишкектеги №3 муниципалдык башкармалыктын башчысы: «Биз, журналисттер бирөөлөрдү сындап атканда көбүнчө булуттун үстүндө жүрө берет экенбиз…»

Жылдыз Мусабекова, Бишкектеги №3 муниципалдык башкармалыктын башчысы: «Биз, журналисттер бирөөлөрдү сындап атканда көбүнчө булуттун үстүндө жүрө берет экенбиз…»
Токсон жылга жакын тарыхы бар, башында "Ленинчил жаш", «Жаштык жарчысы», анан  "Асаба", кийин "Агым", учурда " Жаңы Агым" болуп аталып келаткан бул басылма мурда да, кийин да Ак үй менен Көк үйгө бир нече кадрларды тарбиялап берген. Таанымал журналист Жылдыз Мусабекова да ушул редакциядан учуп чыгып басма сөздө Кыз Сайкал менен Жаңыл мырза сыяктуу топ жарып жүрүп бир жылдан бери Бишкек шаарындагы Ак-Өргө, Ала-Тоо, Ак-Ордо жаңы конуштары карамагына кирген №3 муниципалдык башкармалыктын башчысы болуп иштеп келет.

- Жылдыз айым, журналист катары бийликти сындап жүрүп эле анан аткаруу бийлигине барып отуруп калган кандай экен?

- Эми аткаруу кызматы дегенде мен укмуш деле жумушка барган жокмун. Ал жерде деле жумушум журналистикиндей эле. Эртеден кечке элдин арызын угасың. Жолдун, суунун, электр энергиясынын көйгөйүн айтышат, жер сурап келишет, жетимдер, көп балалуулар жардам сурайт, түнкү саат бирде бизде жарык өчүп калды деп чалышат, айтор ушундай. Анан ойгонуп алып кайсы квартал кайсы көмөкчордонуна карарын тактап алып, РЭСтин башчысына чалам. Кыскасы, жогоруда айткандай менин азыркы жумушум деле кандайдыр бир деңгээлде журналистикага окшош. Алган айлыгымды уксаң күлөсүң. Бирок бир жыл аралыгында көп нерсени үйрөндүм десем болот. Өзүмдүн аймагымдагы 45 миң жашоочунун ар биринин болбосо да жарымынан көбүнүн үйүнө кирип жашоо-шартын көрүп, жакындан таанышып чыктым десем болот.

Албетте мен журналисттик кесиптен агарып-көгөрдүм. Ал кесип менин турмуштагы эң ыйык деп эсептеген жумушум. Бирок ачыгын айтсам, биз, журналисттер бирөөлөрдү сындап атканда көбүнчө булуттун үстүндө жүрө берет экенбиз. Элдин көйгөйүн угабыз, бирок чечкенге милдеттүү эмеспиз. Мисалы,  мурда журналист кезимде машинеде баратып «эмнеге жолду оңдоп коюшпайт» деп мэрди, жарык өчүп калса «энергетика министри каякты карап отурат» деп эле сөгүп басып жүрчүмүн. Азыр мен бизге караган үч жаңы конуштун жогорудагыдай көйгөйлөрүн жазып жогору жакка сунуштайм, планга киргизип бергиле дейм, бирок анын баары келип келип эле бюджетке такалат. Мисалы, жарык өчүп калганда көмөкчордонду барып көрүп ыйлагың келет. Себеби анын көбү эскирип, шалдырап калган. Ак-Ордого жалпы жонунан 48 көмөкчордон керек боло турган болсо азыр болгону 28 көмөкчордон коюлган. Калганын мага чейин ар ким жеп коюп, азыр алардын иши сотто турат. Бизге караган Ак-Өргө, Ала-Тоо, Ак-Ордо конуштарынын ичинен Ак-Ордо көйгөйү көп конуш. Албетте мага чейинкилерди сөгөт экенсиң, эмнеге иштеген эмес деп. Мен азыр муниципалдык башкаруу кызматында иштеген жөнөкөй кызматкерлерди чыныгы мекенчилдер, жылаңач баатырлар деп эсептейт элем. Элдин көйгөйү менен ары-бери чуркап жанталашып иштешкендери менен алган айлыктары өтө аз. Кай жерде көйгөй чыкса күнү-түнү дебей ошол жакта.

- Ишти эмнеден баштадың, алгачкы тоскоолдуктар эмнелер болду?

- Алгачкы кыйынчылыктар көп эле болду. Негизинен бул орунга көп киши ат салышкан. Алардын ичинде мурда бул жерде иштеп кеткендер, колунда барлар бар эле. Мен сынактан камчы салдырбай өтүп кеттим. Биринчи кыйынчылык - мага ишти баштарда ОБОНдун аялдары каршы чыкты. Алардын артында кимдер турарын билем. Бирок буга майышкан жокмун. Иштейм деп баргандан кийин иштешим керек дедим. Ишке жаңы киришкенде документация боюнча кээ бир түшүнбөгөн суроолор пайда болду. Бирок мен намыскөй адаммын, тез арада бүт документтерди карап, анализдеп чыктым. Кагаздарды карап отуруп бул аймакта толгон-токой социалдык маселелер бар экенин да тактадым. Алардын ичинен чечсе боло тургандарын тандап алдым. Журналистикада жүрүп ар кандай өкмөттүк эмес уюмдардын, кайрымдуулук фонддордун жетекчилери, саясатчылар, ишкерлер менен тааныш болуп жүргөнүм көп пайдасын тийгизип келет. Себеби жетим балдардын, көп балалуулардын, майыптардын маселесин чечүү, аларга ар тараптан жардам берүү керек экени түшүнүктүү. Бул боюнча ар кандай долбоорлор аркылуу сырттан колдоочуларды таап келатам. Учурда кореялык кайрымдуулук фонду менен иштешип бир үй-бүлөдө он бала болсо алардын баарына эки-үч сыйра кийим алып берип атабыз. Мурда мэриядан бөлүнгөн гуманитардык жардамдар дайым эле өз ээлерине жетпей калчу экен. Мен Кореядан жардам келгенде чындап муктаж адамдардын тизмесин тактап алып, өзүм алардын ар биринин үйүнө барып гумжардамга келген кийимдерди таратып чыктым. Жакында ЮНИСЕФдин жардамы келгенде да ошондой кылдык. Мындан сырткары «Көйкөл» деген коомдук фонд аркылуу майыптарга жардам берип атабыз. Анын жетекчиси Венера деген сонун эжекебиз бар, алар аркылуу беш майыпка коляска алып бердик. Бул жетпей калды. Биз эң оорлоруна гана тараттык эле. Азыр калган майыптар эшигимди жыртып атат. Эми дагы беш коляска алганы турабыз. Мындан сырткары жакында эле АРИСтин долбоору менен Ак-Өргөдө чоң машыгуу залын ачтык. Эми Ак-Өргөгө маданий борбор, Ала-Тоо менен Ак-Ордо конуштарынын ар бирине  30 миң долларлык долбоорлор ишке ашат. Биздин бул сунушубузду колдоп берген АРИСтин экс-жетекчиси Элмира Султановнага, азыркы жетекчилигине рахмат.

- Бул иш-аракеттер жеке сенин өзүңдүн аракетиң, сырткы байланыштарың аркылуу болуп келет да?

- Ошондой десе да болот. Бирок албетте жалгыз дарак токой болбойт. Майыптар күнүнө карата аларды «Ак-Өргө» ресторанына чакырып чай берип көңүлүн көтөрүп атканыбыз, жаңы жылда 150 балага жаңы жылдык кече уюштуруп бергенибиз, бул бюджеттин акчасы эмес. Булардын баары менин жеке тааныштарымдын, агаларымдын жардамы. Мен депутат Карганбек Самаковго дайыма ыраазычылыгымди билдирем. Ал киши Ата-Башыдага Чеч-Дөбөнү суу жеп атканда да акчалай жардам берген. Мен эмне долбоор өткөрсөм анын башында Карганбек Садыкович туруп келет. Раматылык Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара эжеге да чоң рахмат. Жеке ишкерлер Гүлкан Молдобековага, Гулнара Умаровага рахмат. Жалпы эле ат-башылык агаларыма ыраазычылык билдирем. Бул кишилер жеке менин өзүмө эмес менин суранычым менен биздин жашоочулардын арасындагы муктаж адамдарга чын пейилдеринен жардам берип келатышат. Муну менен эмне айткым келип турат, көрсө мамлекеттин көзүн карап отура бербей өз алдыбызча да кыймылдасак болот экен. Кыскасы менин жумушум ушу. Элдин акчасын кайра элге таратып берем. Жолдошум Дайыр досторуна «эл жумушунан үйгө ташыса менин аялым үйдөгүнү жумушуна ташыйт» деп тамашалап калат. Албетте аны да жасаганды билиш керек. Менин журналист экеним азыркы ишиме чоң жардамын тийгизип жатат десем болот.   

- Жөн эле аял катары жаз келгени сага кандай таасир этип атат?

- (күлүп) Каяктагы аял, каяктагы жаз… Бизде  жаз келген сайын түйшүк көбөйөт. Кышында жарыгыбыз өчпөсө экен деп чыксак, жазында кай жерге таштанды үйүлүп кетти экен деп эле ар кычыкты карап калабыз. Жумуштагыларга «койкойгон кыз элем, азыр ар кайсы бактын бурчун карап таштанды терип калдым» деп күлүп калам. Кесиптештеримден суранам, гезит аркылуу жеткиргилечи, ар кимибиз таштанды таштабаганга үйрөнөлүчү. Жазып деле тажадык. Эл мамлекеттен жарык бер, суу бер, жол оңдо деп талап кылат. Биз элден көчөгө таштанды таштабагыла деп суранабыз, ошону угушпай жатканы кейитет. Бирок менин жашоочуларыма рахмат, алар биз менен чогуу ишембиликке чыгып, баарыбыз жаңы конушубуздун тазалыгы үчүн күрөшө баштадык. Жаз жаңы конуштар үчүн таштанды көйгөйү күчөгөн кез. Таштанды кээде түшүмө да кирчү болуп алды. Бизде ар бир ишемби, жекшемби ишембилик.

- Айыл өкмөттөр жер сатып эле байый беришет дейт го…

- Ишенесиңби, бир карыш жер жок. Мен бул жерге келгенде көптөгөн тааныштар, туугандар жер сурай берип тажатты. Баарына ушинтип айттым. Таарынгандары болду. Чындап эле такыр жер жок. Тескерисинче кээ бир жер тилкесин бошото албай келебиз, тактап айтканда мага чейинкилер башкы планда көмөкчордонго, маданий жайларга бөлүнгөн жерлердин көбүн сатып ийишкен экен. Эми анын азабын биз тартып жатабыз.

- Ушинтип иштеп жатсаң үй-булөң эмне деп жатат?

- Жолдошум Дайырга ыраазымын. Ал эки жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктаган. Кесиби экономист. Азыр аны карап отуруп ойлонуп кетем, Дайыр менин көңүлүмдү карап, мени кийсин, ичсин, каалаган жумушунда иштесин деп өз карьерасын курмандыкка чалыптыр. Ал көртурмуштун айынан «Дордой» базарында иштейт. Эгер менин көлөкөмдө калбай карьера кууса азыр жок дегенде Экономика министринин орунбасары болмок. Экөөбүз беш баланы тарбиялап жатабыз. Улуу кызыбызды турмушка узаттык.  

- Кимге ишенесиң?

- Өзүмө гана ишенем. Себеби ушул деңгээлге өзүм жеттим. Карандай эмгегим менен, ал үчүн мен студент кезимден эмгектендим. Бирөөлөрдүн баласын бактым, оорукананын полун жуудум, кечкисин машинкага кошуна профессор агайдын китебин бастым. Бир барагын 15 сомдон. Бир убакта 4-5 гезитте иштедим, бирөөнө өз фамилиям менен чыксам, калгандарына псевдоним менен жаздым. Талаадан саман ташып, ылай тебелеп кыш куйдум, айтор, менин азыркы ар бир ийгилигим оңой келбеди, маңдай терим менен адал тамак таптым десем болот. Башкалардыкындай болуп таасирдүү атам, акчалуу агам, же күйөөсү бай эжем болгон эмес. Оо, мен далай тагдырды баштан өткөрдүм.

- Балалык эмнеси менен эсиңде калды?

- Кемпирдин колунда чоңойдум, өз айылыма анда-санда келчүмүн, анан тентек жаным сиңдилеримди учкаштырып алып эшек минчүмүн. Сиңдилерим минбей койсо сабачумун. Анан эжем (апам) "ай айланайын, мага келип жардам берет, кол кабыш кылат десе кайра сиңдилериңди азгырып эшек мингениң кантет. Түш, эшекке кыз минбейт” деп урушчу. Кызсың десе иттей жиним келчү, ансайын эркектер менен ойноп, мушташып сөгүнүп өзүмдүн кыйын экенимди далилдегим келчү. Азыр деле мени аял катары караган саясатчыларга боорум ооруйт.

- Кандай жигиттер жагат?

- Назик үндүү, колдору ак, жасанган эркектерди жактырбайм. Эркектин колу калдырап, карттанып, олбурлуу болуп турушу керек. Менин атам комбайн айдачу, кээде мени жанына салып алар эле. Кең талаа, кээде гана рулун берип койчу, элестет, буудай  өскөн кең талаа. Сабактары дирилдеп сапсары болгон айлана тегерек анан жалпайган буудайлардын жаныңда коштоп бараткан тракторго даны чачырап атканы кандай  керемет!.. 

 

Булак: "Жаңы Агым”. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter