15 марта 2013, 15:48

Ош шаарындагы журналисттер аллеясына акын Жолон Мамытовдун аты ыйгарылды

 
Ош шаарындагы журналисттер аллеясына акын Жолон Мамытовдун аты ыйгарылды
Ош шаарындагы журналисттер аллеясына акын Жолон Мамытовдун аты ыйгарылды.  Мындай чечим Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынгандыгын, бүгүн, 15-март күнү аллеяга көчөт отургузуу учурунда мэр Мелис Мырзакматов журналисттерге билдирди. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.

«Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүгүү жана жаштар саясаты боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда журналисттер аллеясына белгилүү акын Жолон Мамытовдун аты ыйгарыла тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынды», - деди М.Мырзакматов.

Ж.Мамытовдун жубайы Меңди Мамазаирова шаар жетекчилигин белгилүү акындын эмгегин баалап сый көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Журналисттер аллеясына Ж.Мамытовдун  эстелиги орнотулат», - дейт М.Мырзакматов.

Иш-чара учурунда аллеяга каштан дарагынын 1 миң даана көчөтү отургузулду. Эске сала кетсек, аталган аллея 2013-жылдын январь айында  ачылган.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter