18 марта 2013, 07:38

Садыр Жапаровдун адвокаты каза болду

Садыр Жапаровдун адвокаты каза болду
Бул тууралуу Кубатбек Кожоналиев өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасында жазат.

Анда белгилүү болгондой, депутат Садыр Жапаровго жана Абдулла Юсуповго адвокат болуп жүргөн 56 жаштагы Токтогул Абдыев 16-март күнү каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кызматтык жумушу менен Ош шаарына баратып, учакта каза болгон.

"Кесиптешим күтүүсүздөн каза болду. Кечээ эле сот отурумунда акыйкаттуулукту, аилеттүүлүктү талап кылып, ага катар мени да коргоп жаткан. Өз ишин мыкты билген адистин дүйнөдөн кайткандыгына ынануу абдан оор”,- деп жазат Кожоналиев.

Эске сала кетсек, Токтогул Абдыев сотто "Ата Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун жана 2010-жылдын апрелиндеги талап-тоноочулук боюнча айыпталган Абдулла Юсуповдун кызыкчылыктарын коргоп жүргөн. 

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter