18 марта 2013, 07:43

Академияга Алымбеков барабы?

Академияга Алымбеков барабы?
Ичинен ирип-чирип жаткан ИИМден дагы бир чуулгандуу кеп чыкты. ИИМ академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаев менен орун басары Рахматилло Амираев кайсы бир ЖОЖдун кызматкеринен 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кылтакка илинди. Тинтүү жүргүзүү учурунда орун басар Амираевдин кабинетинен 100 миң сом жана 4 миң доллар табылган. Баса, ИИМ академиясынын башчылыгы көптөн бери көпчүлүктүн көзүн кызарткан май талкан мансап болуп саналат.  ИИМ министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбеков мурдатан эле ушул кызматты ээлесем деп эңсеп жүргөнүн уккан жайыбыз бар. Академиянын бош креслосуна Алымбековдун отуруп калышы мүмкүн болуп турат. Бирок Жаныш Бакиевге чепкен, калпагын көтөрө чуркап, ийиле кызматын кылып жүргөн бул адамга мындай кызмат өтө эле ылайыксыз болуп турат. 

Булак: "Фабула”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter