18 марта 2013, 07:57

Жалал-Абадда А.Бекназаров доклад жасаган курултай өтөт

 
Жалал-Абадда А.Бекназаров доклад жасаган курултай өтөт
24-мартта Жалал-Абад шаарындагы «Телтору» ат майданында элдик курултай өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу курултайдын уюштуруу тобу билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Орозалы Карасартов.


Маалыматка ылайык, курултайга республиканын бардык аймактарынан өкүлдөр чакырылып, адамдардын өмүрүн алган эки революциядан алган сабактар, революциялардын максатына жетпей калышы айтылат. 
Учурдагы саясий кырдаал, бийликтин аткарып жаткан иштерине баа берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. «Кумтөр», камакта жаткан 4 депутаттын маселеси да каралмакчы. Жалал-Абадда курултай өткөрүүнү «Эл үнү» кыймылы сунуштаган.

Курултайга президент А.Атамбаев, премьер-министр Ж.Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төргасы А.Жээнбеков жана фракция лидерлери чакырылат. Курултай мыйзамдын чегинде тынч мүнөздө гана өтөт. «Биз элдин көйгөйүн алып чыгып, эмне үчүн аткарылбай жатканын айтабыз», - дейт уюштуруу тобу.

Курултайда А.Бекназаров келип баяндама жасаары малымдалууда. Ошондой эле башка саясатчылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да белгилүү болду. Учурда курултайга чакыруулар жөнөтүлүп, курултай боюнча маалымат жыйындары өткөрүлмөкчү.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter