18 марта 2013, 08:02

Жылдыз Жолдошева:"Алмазбек Атамбаевди ушул Иманкожоева менен Карамушкина СДПКнын лидери катары аброюн кетирип жатышат"

Жылдыз Жолдошева:"Алмазбек Атамбаевди ушул Иманкожоева менен Карамушкина СДПКнын лидери катары аброюн кетирип жатышат"
Жылдыз Жолдошева:"Алмазбек Атамбаевди ушул Иманкожоева  менен Карамушкина СДПКнын лидери катары аброюн кетирип жатышат"

«Уй мөөрөйт уйдун тилинде,

Кой маарайт койдун тилинде.

Уйдан да артта калдык бейм,

Улуттук тилди билүүдө.

Койдон да артта калдык бейм,

Кыргыздын тилин билүүдө...» - деп Кыргыз элинин улуу акыны Байдылда Сарногоев айткандай бүгүнкү күндө уй менен койчолук боло албаган парламентарийлер жүрөт Жогорку Кеңеште. Кыргыз элинин эне тили, салт-санаасы, үрп-адаты, нарк-насили жеке эле Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошевага тиешелүүдөй, улуттук тилди сессияда коргоп чыкса аны өзүбүздүн эле улутташтарыбыз тизгиндегиси келип чычалаганы кызык иш болду...

"Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт,

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп жарытпайт...”- деп Алыкул көзгө сайгандай далилдеп кеткен. Башкалар го мейли эле, бу эне тилин жээриген эси жок кыргыз депутаттар өзүлөрүн эл шайлаганын унутуп калган өңдөнөт. Назарыңыздарга 2013-жылдын 13-мартындагы Жогорку Кеңештин сессиясында депутаттардын улуттук тилди "улак тартыш" кылган талкуусун парламенттик кабарчыбыз Б.Кулова жазып алганын өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.

А.ЖЭЭНБЕКОВ. Рахмат. 3-микрофон.

Ж.ЖОЛДОШОВА. Мен дагы Каныбек Жайчиевичке бир, эки суроом бар. Анын алдында бир өзүмдүн оюмду айтып койсом шайлоочулар звонит этти эле. Ушул «Баатыр энелерге» акарат көрсөтпөй койсо болот эле, биздин коллега Карамушкина. Тил боюнча азыр мына обсуждение жасадыңар мен жумуштар менен кечигип калдым. Тилге дагы, кыргыз тилине, кыргыздын улуттук калпагына тийишти анда дагы унчуккан жокпуз, армиясына барып алып кыргыз солдаттар орусча сүйлөшүш керек деп айтты, анда дагы унчуккан жокпуз. Эми баатыр энелерге акарат көрсөтпөй коюш керек эле. Баатыр энедей болуп 10 бала төрөгөн аял бул бейишке түз эле барат. Эми ар бир фракциянын лидери бар. Ошол киши деле кичине замечание берип койсо болмок, идеология жагына карап коюш керек. Ошол эле Асилбек Шарипович, сиз дагы замечание берип койсоңуз болот эле ушундай туура эмес сөздөр айтылып жатканда. Эми биздин эненин…

А.ЖЭЭНБЕКОВ. Ар бир депутат өзүнүн оюн айтканга укуктуу.

Ж.ЖОЛДОШОВА. ...кыргыз энелеринин айырмасы ал өтө боорукер, өтө мээримдүү, баласы үчүн керек болсо жанын кыят. Мына ушуну менен кыргыз энелери өзгөчө болот, кыргыз энелери. Ошону үчүн мен чакырып кетем мындай башка айтылбасын, Россия Федерациясынын Госдумасында бир татарбы же болбосо дагестанбы мына ошондой депутаты ушундай сөздөрдү сүйлөгөндө орус тилине орустун…

А.ЖЭЭНБЕКОВ. Эми Жылдыз Айтибаевна сиз дагы туура эмес сүйлөп жатасыз. Жок убактыңыз бүттү уже. Кандай бүттүрүңүз – 10 секунд сизге, убактыңыз бүттү. Бүтүп калды уже убакыт. Мен сизге айтып жатам го бүтүп калды деп. Бүтүп калды убактыңыз. Анан кийин эми сиз дагы этияттаңыз сөздү, сиз дагы замечание кылып жатам. Берет азыр берет, шашпаңыз. 3-микрофон.

Ж.ЖОЛДОШОВА. Берип койгула. Ошондой Карамушкина сүйлөп жатканда, Карамушкинанын микрофонун өчүрүш керек эле, кыргыздын энелерине акарат көрсөтүп жатканда. Асилбек Шарипович чек болот любой нерседе. Жаратылыштын дагы өзүнүн чеги болот. Мандаттын кулу болбостон энелер жөнүндө ошондой сөз болуп жатканда эмне үчүн айтып койбойсуңар, эмне үчүн бир ооз айтып койбойсуңар, "эй токтоткун мына мындай сөзүңдү” деп. Жакпайбы Кыргызстан, Кыргызстандан чыгып кетсин анда, эгер кыргыз элин сыйлабаса.

А.ЖЭЭНБЕКОВ. Эми ким кандай айтат, качан айтат өзүнүн иши. Сиз мага дагы үйрөтпөңүз.

Ж.ЖОЛДОШОВА. ...кыргыз элин сыйлабаса, кыргыздын тилин сыйлабаса. Мен мына ушуну айтаар элем. Эми Каныбек Жайчиевич мен кечээ бүт…

А.ЖЭЭНБЕКОВ. Убактыңыз ашыгы менен бүттү. Сиз дагы жөн эле айта бересизби, жөн эле сүйлөй бересизби. Айтыңызчы жөн эле сүйлөй бересизби. Эч кимге сөз берилбейт урматтуу депутаттар, танапис саат 2ге чейин. Рахмат чоң.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. 1-микрофон.

И.КАРАМУШКИНА. Рахмат чоң. Кечиресиз. Уважаемые депутаты, уважаемые мои коллеги, я бы хотела вам обратится сейчас, еще раз настоят на том насколько опасно, когда политики используя трибуну публично свою популярность доносят до наших граждан манипулируя тем самым со знанием граждан искаженную неправильную информацию. Я сейчас принесла специально стенограмму выступления,  я не буду их зачитывать, я  только хочу отметить что я никого никогда не позволю себе оскорбить. Я назвала, что использовался метод фашистами, когда женщин, детей и стариков выдвигали вперед. Все.

Кого я здесь оскорбила? Какую личность? Я сама за женщин, за любого человека в Кыргызстане стояла и буду стоять за справедливость никогда никого не дам обидеть. Поэтому мне очень жаль, что мои коллеги женщины, мои современницы и сверстницы используя эту трибуну, публичность оскорбляют не зная даже толком о чем было мое выступление. То есть опустились до уровня желтой прессы. Это не позволительно делать политикам и нашим депутатам публичным личностям.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Рахмат.

ГОЛОС. Подождите не рахмат еще.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Процедурный сүйлөңүздөр урматтуу депутаттар.

ГОЛОС. Процедурный, я обращаюсь стенограммы выступления депутата Жолдошевой и я обращаюсь, чтобы председатель Комитета по регламенту и этики с провозглашением средств массовой информации пускай докажут, что я кого-то, когда-то оскорбила. У меня на все вопросы есть ответы. Спасибо.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Рахмат. Урматтуу депутаттар аталган мыйзам долбоору добуш берүү күнүнө жөнөтүлөт. 4-микрофон.

Э.ИМАНКОЖОЕВА. Урматтуу коллегалар обедке чыгаардын алдында Жолдошева Ирина Юрьевнаны оскорбления кылды. Бул киши не только Ирина Юрьевнаны, баарыбызды канча жолу оскорблять этти да.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Фамилияңыздарды айтпасаңыздар депутаттар.

ГОЛОС. Эмне үчүн ошол айткан киши айтышыбыз керек да. Мен да туруп турсам сен олтур  деди. Олтур дегендей бул ким. Ирина Юрьевнаны Кыргызстандан чыгып кет дегендей кандай акысы бул Жолдошеванын. Ирина Юрьевна бул кишиге караганда канча мурунку депутат болгон, бул киши канча деген эмгек кылган ошол эле кыргыз аялдарына, мектептерге, ошол жаштарга канча деген эмгектерин салып келген. Ошентип айтканга мунун эч кандай укугу жок. Бул кишини азыр Регламенттин негизинде жоопко тартылыш керек. Бир айлык сүйлөө сөзүнөн четке кагылыш керек да. Сунуш менден.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. 3-микрофон.

Ж.ЖОЛДОШЕВА. Рахмат. Кыргыз Республикасынын Президенттин Алмазбек Атамбаевди ушул Иманкожоева  менен Карамушкина действительно СДПКнын лидери катары аброюн кетирип жатышат. Мен силерге ачык айтып коеюн. Мына кабарлар КЖ сайтында, Майдан КЖ гезитине чыккан муну да азыр сизге берем урматтуу Төрөбай Закирович. Бүт депутаттарга таратып бергиле. Ушул жерде жазылып жатат. Батыр энелерди фашистке теңеген Карамушкинаны кетирүүгө 10 миң кол топтолду деп. Кантип оскорблять эткени мына бул жерде жазылып турат. Мен ушуну окуп, энелер бизге звонить эткенден кийин, мен чыгып айтып атам. Дагы бир жолу кайталап коеюн. Кыргыздын калпагына тийишпесин, кыргыздын тилине тийишпесин, кыргыздын солдаттарын барып туруп, орусча сүйлөгүн деп кекетпесин. Кыргыздын баатыр энелерине акараат жасабасын. Эгерде кыргыз элин сыйлабаса, кыргыздын «Баатыр энелерин» сыйлабаса, Кыргызстандан чыгып кетсин, дагы бир жолу кайталап айтам. Мен ушуну айтам. Эми мындай да урматтуу Төрөбай Закирович, урматтуу Чыныбай Акунович мына ушундай нерселер болуп атса, лидер фракция катары, сиз дагы тартипке салып койсоңуз болот. Азыр мына бүт депутаттарга таратылсын. Ким эмне деп сүйлөп атат, бүт баары тең чыгып атат. Онлайн режиминде иштеп атабыз. Анан эми болгон нерсени  айтып койсок, баягы «айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болбош керек». Эгерде энелер мага звонить этип айтып атса, болуптур мен айтып коеюн. Туура эмес айтылып калыптыр, эгер айтылса, айтылбаса анда доказать этсин, ошол энелерге барып алып туруп, мен мындай нерсени айткан эмесмин деп. Мага айтпасын, мага доказать этпесин. Анан мени четтетип кое турган Иманкожоева ким тиги микрофондон четтетип кое турган? Ага кандай укук бердик, ким андай укук берди?

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Рахмат. 6-микрофон анан 2-микрофон.

А.САСЫКБАЕВА. Кечирип коюңуздар, укпай жатам, кечирип коюңуздар. Урматтуу депутаттар, биз ушул кээ бир депутаттарыбыз айткан сөздөрдү бурмалап, элге башкача айтып берип, анан биздин массалык маалымат каражаттары дагы туура эмес информацияны элге таратканы туура эмес болуп атат да. Ошол маселелер, ошол конфликтке алып келиши мүмкүн да. Менин оюмча биздин бирден бир байлыгыбыз, бул 80 ден ашык улуттарыбыз ушул Кыргызстанда жашаган. Ошондуктан биз ошол улуттардын арасынан мындай кандайдыр бир ынтымакка келип, наоборот ынтымакка чакырып жашоонун ордуна биз мындай ширеңкени жаккандай болуп атабыз да. Өзүбүз депутаттар болуп алып, ушул улуу трибунада ушундай жаман-жуман сөздөрдү айтып, оскорблениеге чейин барып, бул менин оюмча депутаттын статусу эмес, биз өзүбүздү абдан жаман көрсөтүп атабыз, бүт дүйнөгө биздин эле мамлекеттеги адамдарга эмес. Анан мен ойлойт элем, Карамушкина бул биздин апаларга шек келтирген жок, жаман сөздөрдү айткан жок. Мисал үчүн мен Ирина Юрьевнаны наоборот тиги мындай пример катары көрсөтөт элем. Бул киши кыргыз тилди дагы үйрөнүп атат, кыргыздын улутунун кийимин дагы кийип жүрөт. Кыргызстан үчүн канчалык зор салымы болду эле. Бүгүнкү күндө дагы активдүү депутат катары эл үчүн иштеп келе жатат. Анан ушундай сөздөрдү ушул трибунадан айткан менин оюмча абдан эле уят. Ушундай нерселерден биз алыс болсок.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Рахмат. Урматтуу депутаттар, стенограммада баардык нерсе жазылган. Бир сөздөн баягы чымындан пилди жасаштын кереги жок да. Ошондуктан бул эми мына азыр стенограмма биздин колубузда турат. Анча-мынча массалык-маалымат каражаттарына туура эмес, кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан тиешелүү комитетке кайрылыңыздар. Анан өзүнүн баягы мыйзам чегинде каралыш керек. 2-микрофон.

А.КУТУШЕВ. Урматтуу алып баруучу, урматтуу депутаттар, Ирина Юрьевна кыргызча айтканда, жебеген самсасына төлөп атат да азыр. Ал аялдар, энелер жөнүндө эч жаман сөз айткан эмес, стенограммада бар да, сиз айтып кеткендей. Кечээ жакында эле, кечээ күнү эле Алай районуна барып, жолугуп келди адамдар менен аябай жакшы сөздөрүн айтты. Мага аким жеке өзү чалып, аябай мактап айтты, жакшы сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип. Ушундай алыскы региондордон бери кыдырып келе жаткан депутаттар бизде аз эле да. Казарманга барып келген билем, башка жактарга барганын билем. Анан кимдин кандай сүйлөгөнүн үйрөткөнгө, кимдин Кыргызстандан чыгып кеткенин талап кылууга, кайсы тараптык балдар кандай сүйлөшүн үйрөткөнгө кимдин акысы бар бул жерде? Урматтуу алып баруучу, сиз Регламенттин 146-беренесин карасаңыз, сиз ушундай депутаттар жөнүндө айтышып, талашып, туура эмес кылгандарды, темадан алыстагандарды, сүйлөө укугунан ажыратканга акыңыз бар.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Акым бар.

А.КУТУШЕВ. Бир отурумга ажыратканга акыңыз бар. Болбосо азыр добушка коюңуз, биз добуш берели. Менимче, ал кишинин үнүн уккусу келбеген, бир эле киши бар. Анын фамилиясы дагы өзүнүн фамилиясына окшош.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Мен Регламент боюнча өзүмдүн укугумду билем.  Азыркы сиздердин сүйлөп аткан маселеңиздер дагы, процедурный эмес. Бирок сиздерди сыйлап туруп, сөз берип атам. 1-микрофон.

Ч.ТУРСУНБЕКОВ. Рахмат сөз бергениңизге. Мен урматтуу Жылдызкан Айтибаевнага атайын менин фамилиямды айтып калгандан кийин, чыгып айтып коеюн деп атам. Биринчиден, Президент Социал-демократтардагы мүчөлүгүн токтоткон. Ошон үчүн «СДПК» сүйлөп атса, же бир нерсе жасап атса, ага Президентти аралаштыруунун эч кереги жок деп ойлойм. Эми аны баарыбыз түшүнүп турган адамдар, түшүнүп атабыз. Анан экинчиден кээде ушул айрым саясатчылар, алардын басма сөздөгү кишилери деп айталы. Мен мындай бирөөлөрдү кемсинткендей болбоюн, жумурткадан кыр издеп, айтпаган сөздү айтты деп, же бир айтылган сөздү бурмаласа, анан аны алып келип эле, атайын чуру-чуу чыгарыш үчүн  эле, жалаа кылган жаман адат пайда болду. Бирибизди сыйлап, урматтап иш кылып, айтпаган сөздү жабыштырып, өзүбүздү биринчи башка бирөөгө сын коердон мурда, өзүбүздүн айткан сөзүбүздү карап, туура сүйлөп атабызбы, же туура эмес сүйлөп атабызбы деп,  иш кылалычы. Анткени себеби, кийинки кездерде ушундай болуп кетти. Баягы макалдагылардай болуп эле, анан бири бирибиздин бетибизди тырмай баштап атабыз да. Орто жолдо бизди кайраштырган же ушундай жолго алып барган журналисттердин жоопкерчилиги ошол жазган басма сөздөрдү мисалы прессалардын жоопкерчилиги мындай четте калып атат. Баарын уюштургандар, баарын жасагандар, жоопкерчилик тартпай атат. Мунун баары келип туруп, биздин ушул парламенттин аброюна доо келтирип атат. Ошон үчүн мен бир нерсеге чакырат элем. Туура баамдоого, туура баа берүүгө, аракет кылалы. Өзүбүздүн көз карашыбызды таңуулабайлы. Өзүбүздүн пикирибизди момундай болду деп, калпты чынга окшоштурбайлы дагы ынтымак менен иштөөгө аракет кылалы урматтуу депутаттар. Ансыз деле парламентке нааразы болгондор көп анан ага дагы өзүбүз жардамчы болбой. Рахмат көңүл бурганыңыздарга.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Рахмат. 4-микрофон.

ГОЛОС. Рахмат. Менин дагы айтып кетээрим урматтуу коллегалар, өзгөчө айымдар. Ушундай бир, бири-бирибизге асылып сүйлөгөндү токтотолучу, ушул канчага чейин ушул не только что бири-бирибиз, тиги тигиндей, бул мындай, ал антип айтты, бул минтип айтты, даже келген кээ бир кызматкерлердин аброюна чейин шек келтирип сүйлөйбүз. Биздин айрым коллегалар ушуну токтотолу да. Биздин депутаттык жакшы наамыбыз бар, статусубуз бар ушул эмнеге биз бирибиз депутаттар сен чыгып кет, сен отур, сүйлөбө дегенге чейин айтууга акыбыз бар. Ар бирибиз бирдей депутаттык статуска ээбиз. Ар ким өзү сүйлөөрдө ошол өзүнө, өзү отчёт берсе сүйлөп жатканда бирөөнүн аброюна шек келтирээрде өзүн дагы ошол кишинин ордуна коюп чыгып сүйлөп турса. Мен сураар элем ынтымакка чакырат элем. Ким Чыныбай Акунович айткандай анысы деле жаман көрүнүп жаткан депутаттарды ошол айрым биздин депутаттар ошол жаман сөздөр менен ого бетер биздин абройго шек келтирип жатат.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Рахмат. 2-микрофон. Токтотпойлубу?

К.ОСМОНАЛИЕВ. Рахмат. Урматтуу Төрөбай Закирович. Биз эмне бүгүн күн тартибин өзгөрттүкбү, канча маселе турат, кандай маанилүү маселелер турат. Ошого катуу туруңузчу. Анан кийин мен мындай өзүмдүн эле баягындай бир мындай бир профессордук сөзүмдү айтып коёюн. Эгерде биз бири-бирибизди же болбосо кандайдыр бир нерсени сүйлөп жатканда өтө кулакка жакпаган элдин менталитетине туура келбеген сөздөрдү пайдаланса анда ага жооп беришибиз керек. Мисалы үчүн мен Араб өлкөсүндө болчумун, мен Ирина Юрьевнаны абдан сыйлайм, мен Жылдыз Айтибаевнаны сыйлайм, бирок сүйлөп жатканда абайлайлычы туура келеби, келбейби. Мисалы үчүн "фашист” деген сөздү колдонуштун эч кандай кереги жок болчу, хотя Ирина Юрьевна аны баягыл адреси боюнча колдонгон эмесмин деп айтып жатат. Бирок ушуга окшогон сөздөрдү айтканыбыз баарыбызга мындай жаман болуп жатат. Жылдыз Айтибаевна мен сизди дагы ушундай немеге чакырам. Мынакей жакшынакай болуп иштеп жатабыз, жакшынакай болуп иштейли. Көчөдө митинг кылабыз, андай, мындай калабыз дегендер өздөрү ымалага келишип, бүгүн абдан жакшы жолго түшүп жатышат. Ошондуктан Төрөбай Закирович азыр өзүңүздүн мына алып баруучулук милдетиңизди катуу, жестко алып барсаңыз. Мынакей 11-12-маселе келди, ушул күн тартиби боюнча иштейличи, качанкыга чейин ушинтип отурабыз.

Т.ЗУЛПУКАРОВ. Рахмат. Жылдыз Айтибаевна токтотпойлубу? Күн тартибинде жок бул маселе. Бир мүнөт сүйлөңүз кыска. 3-микрофон.

Ж.ЖОЛДОШОВА. Төрөбай Закирович, мен окуган нерсемди айттым. Аны таратып берип коюңуз депутаттар, мен аны атайын ойлоп тапкан жокмун бул биринчиден. Экинчиден мен айтып жатам ошондой акарат келтиргенди токтотсо, тийишкенди тилге, калпакка эми бул болгон нерсе да ошолорду токтотсо деп мен өзүм коллегама айтып жатам. Мен аны бир нерсе деп мындай неме кылган жокмун. Анан энелер звонит этип ошол массалык-маалымат каражаттарына чыгып кеткенден кийин энелер звонить этип ыйлагандыктан. Мына өткөндө келди 11 бала денеси табыла элек. Рахмат Асилбек Шарипович кабыл алды аларды, алар келип ыйлап жатса эмне кылышыбыз керек? Айтышыбыз керекби? Мага звонить этип ыйлап жатса мен эмне кылышым керек айтышым керекби же унчукпай мен дагы былтыйып отуруп алышым керекпи? Мен дагы эмне мага жетип жатса, эмне айтылып жатса эл өкүлү катары мына ушул жерде айтып жатам. Мына ушул жерде элдин үнү угулуш керек. Бул жерде эч кандай менин бир жерде кызыкчылыгым

Булак: "Жаңы Ордо”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter