18 марта 2013, 08:13

Нарында балдардын шоктугунан 1,5 га жер, 40 түпкө жакын карагай, 6 баш кой, 5 баш эчки өрттөндү

Нарында балдардын шоктугунан 1,5 га жер, 40 түпкө жакын карагай, 6 баш кой, 5 баш эчки өрттөндү
Нарын районунда 17-март күнү саат 13:15 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 292-чакырымында (Кара-Үңкүр чеги) тоонун боору өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 14:40та аталган аймакка КР ӨКМнин Нарын райондук өрт коопсуздугу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилиги менен КРнын ӨКМнин №16 өрт коопсуздугу бөлүгүнөн 1 бөлүм, токой чарбасынан 10 адам жана жергиликтүү тургундардан 11 адам барышкан. Саат 14:42де өрт чектелип, саат 18:05те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 1,5 га жер, 40 түпкө жакын карагай жана 6 баш кой, 5 баш эчки өлгөн. Өрттүн себеби - жаш балдардын отко болгон этиятсыздыгы, от менен болгон шоктугу (1998-ж.т. Жыргалбек уулу Сыргак. 1996-ж.т. Төлөгөн уулу Турсунбек).

Райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан келтирилген чыгым такталууда.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter