18 марта 2013, 08:16

Афганистандык мигранттар өзбек чек арачыларына кол салышты

Афганистандык мигранттар өзбек чек арачыларына кол салышты
14-март күнү Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз кирген афган жарандары чек арачыларга кол салып, куралдарын тартып алууга аракет жасаган жана ортодо кагылышуу чыгып, афганистандык үч адам каза болгон. Бул тууралуу "Интерфакс-Казахстан" маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, 14-мартта "Арал-Пайгамбар" аралына мыйзамсыз келген 30дан ашуун афган жарандарын өзбек чек арачылары байкап калышкан. Алардан аймактан чыгып кетүүнү талап кылышканда, ортодо жаңжал чыгып кеткен.

Өзбек чек арачылары алгач эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, укпаган соң аларды атканга аргасыз болушкан. Натыйжада 4 афган жаранына ок тийип, үчөөсү каза болуп калган. Калгандары качып кетишкен. Ал эми жарадар болгон адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

Маалымат боюнча, ошол эле күнү өзбек тарап каза болгондорду жана колго түшкөндөрдү Афганистанга өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Бирок, Афганистандын чек ара кызматы өз жарандарын кабыл алгандан баш тарткан.

2013-жылдын башында эле өзбек-афган чек арасында 22 жолу тартип бузуулар катталып, 106 афган жараны кармалган.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter