18 марта 2013, 08:22

Акматов үчүнчү ирет баатыр болду

Акматов үчүнчү ирет баатыр болду
Союз кезинде койдун туутун болуп көрбөгөндөй көбөйтүп, анын аркасынан Социалисттик эмгектин 2 жолку баатыры болгон атактуу чабан Таштанбек Акматовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылып, эң жогорку "Ак шумкар” төш белгиси тагылды. Болсун, Кремль баалаган Таштанбек аксакалды кыргыз бийлиги баалабай койгону туура эмес болот го.

Бирок, байкасак, акыркы учурларда бул жогорку даражалуу наамдын кадыр-баркы кетип бараткандай. Кыргыз бийлиги милдеттүү түрдө жылына 2-3 адамга бул наамды ыйгарчу болду. Анан да негизинен жалаң жашы 80ди багынтып калган аксакалдарга берилип атканы туурабы? Албетте, наам канчалык туура берилип атканы өзүнчө сөз. Айтайын дегенибиз, наамды тигил же бул юбилярга берилчү дүжүр наамга айлантышпаса. Татыктуу, ылайыктууларына гана берилсе. Болбосо, наам түшүнө да кирбеген дүжүр чалдар да эртең "Ак шумкар” төш белгисин тагынабыз деп чачпак көтөрө башташат. 

Булак: "De-факто”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter