18 марта 2013, 08:49

Жумгалдын айрым тургундары НТС телеканалынын жетекчилигине кайрылуу жолдошту

Жумгалдын айрым тургундары НТС телеканалынын жетекчилигине кайрылуу жолдошту
Нарын облусундагы Жумгал районунун 13 айыл өкмөтүнүн тургундары НТС телеканалынын башкы директору Бакытжан Амановго жана анын орун басары Жаркын Тукешовага кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.

Жолдонгон кайрылууда баяндалгандай, Жумгал районунда Улуттук биринчи канал (КТРК), Орусиянын РТР, ОРТ-1 телеканалдары жана облустун Нарын ТВ каналдары гана тартат. «Тилеке каршы, биздеги телемунаралардын эскилиги жеткендиктен жакшы тартпай, маалыматтардан артта калып келебиз, ошону менен бирге бир эле радио тартып келет, андан башка маалымат берүү тармактары жок. Биздин кайрылуубуздун себеби, НТС телеканалынын Элет долбоору акыркы көйгөйлөрдү чагылдырып келет, бирок биз ал маалыматтарды кайрадан өзүбүз көрө албайбыз. Ошондуктан бул каналдын биздин аймакта да тартуусун камсыз кылып берүүңүздөрдү суранабыз», - дешет алар.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter