18 марта 2013, 09:27

Бахтиярды ким өлтүргөн?

Бахтиярды ким өлтүргөн?
Же Базар-Коргон райсотуна кандай далилдер керек?

Жалал-Абад областындагы Базар-Коргон райондук соту 2013-жылдын 4-мартында (сотко Сүйүнбек Бекташев төрагалык кылган) 1964-жылы туулган, 4 баланын атасы, эч жерде иштебеген Мойдунов Учкун Меңдибевичти киши өлтүрдү деген айып менен 12 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтүү боюнча өкүмүн чыгарган. Бирок, анын жактоочусу жана туугандары анын киши өлтүрүүгө эч кандай тиешеси жоктугун, ошону үчүн өкүм адилетсиз чыкканын айтышат. Акыйкат кимде: тергөө менен соттобу же соттолгон У. Мойдуновдобу?

Тергөө жана сот күбөлөрдүн айтканына ишенет

Тергөө окуяны мындайча болгон деп эсептейт. М. Мойдунов 2012-жылдын 27-август күнү болжол менен саат 21.00дө өзүнүн таанышы Бахтияр Корголдоев менен спирт ичимдигин ичип, саат 23.30дар чамасында мас абалда атайын уруш чыгарып, анын үйүнүн короосунда жалпы жүрүш-туруш этикасын бузуу менен зомбулук көрсөтүп, бирөөнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүү максатында өтө мыкаачылык менен Б. Корголдоевди колу-буту менен сабап, оң жана сол көздөрүн, көкүрөгүнүн оң жагын жана үстүңкү жана астыңкы эриндерин, мурдунун үстүн, тизесинин сырт бөлүгүн көгөргөнгө чейин уруп, денесине оор жаракат келтирген. Анан аны көтөрүп, үйүнө алып кирип, тактайдан жасалган сөрүчөгө жаткырган да, изин жашырган. Б. Корголдоев алган жаракаттан улам 2012-жылдын 29-августунда каза болгон.

Кийин, 2013-жылдын башында бул кылмыш иши боюнча сот карады жана күбөлөрдү укту. Сотто У. Мойдунов кылмыш жасаганын мойнуна албады. Ал 27-август күнү кечки саат 20.00дөрдө  иштеп тапкан акчасын көтөрүп алып, Б. Корголдоевдин үйүнө барганын, анын үйүндө экөө документалдуу кино көрүшкөнүн айтат. Анан кечки тамак үчүн ошол Базар-Коргон районунун Абдраимов айылынын борбордук көчөсүндөгү дүкөндөргө барышып, бир коон, колбаса, 1,5 литрлик пиво алышкан, кайра үйгө келишип, коон менен колбасаны жеп, пивонун жарымын ичишкен. Болжол менен саат 23.00дөр чамасында өз үйүнө кеткени жатса, Б. Корголдоев 100 грамм арак алып берүүсүн суранган. Кайра эле көчөдөгү дүкөндөргө чыгышкан. Дүкөндөр жабык болгон, бирок бир гана Зуура аттуу аялдын дүкөнү ачык болот. Жүз грамм арак куйдурган учурда милиция кызматкерлери келип, «дүкөн жабылды, арак ичүүгө болбойт» деп, алган аракты ичирбей койгон. Анан саат 23.30дар чамасында У. Мойдунов коштошуп үйүнө кеткен. Бул соттолуучунун версиясы.

Бирок, жабырлануучу тараптын күбөлөрү сотто башка көрсөтмөлөрүн беришкен. Күбө Рахиля Мойдунова сиңдиси Хилола Абдуллаева менен анын сүйлөшкөн жигити, Б. Корголдоевдин иниси Тахирдин артынан 27-август күнү кечинде Б. Корголдоевдин үйүнө барышканын айткан. Алар кызыл түстөгү «Тико» машинасын 150 сомго жалдап, Абдраимов айылына барышкан да, Тахирди чакырып берүүсүн сураныш үчүн Б. Корголдоевдин короосуна баш багышкан. Барган кезде кишинин үнүн угушкан, караса У. Мойдунов Б. Корголдоевдин башына колу менен эки жолу уруп жиберип, ал жыгылган учурда аны артынан сүйрөп, үйүнө алып кирип жатканын, орусчалап сөгүнгөнүн көрүшөт. Электр жарыгында соттолуучуну таанышкан. Анан коркуп, кетип калышкан. Б. Корголдоевдин иниси Тахирге телефон аркылуу болгон окуяны айтып беришкен.

Бул эки жигитти кечинде дүкөндүн алдынан көргөнүн милициянын участкалык инспектору Ссталбек Кочкоров да тастыктаган. Мындан башка да жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү, Б. Корголдоевдин эжеси Мукарам Корголдоева, дүкөнчү Үлпия Мантыбаева, кароолчу болуп иштеген Мамыржан Юсупов, милиция кызматкери Нурбек Жаныбеков сыяктуу бир катар кишилер күбө катары суралышкан жана алар билген-көргөнүн айтышкан. Анан калса, сот-медициналык экспертиза Б. Корголдоевдин башынын оң жак чыкый бөлүгүндөгү сөөгү сынган, баш мээсин басып калган, мээнин оң жак бөлүгүнө кан жайылган, баш мээ шишиген деп корутунду берет. Ошол күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө жана сот-медициналык экспертизанын корутундусу менен сот У. Мойдуновдун күнөөсү толук далилденди деп эсептеген.

Демек, сот У. Мойдуновдун каза тапкан жигит менен бирге болгонун, дүкөнгө бирге барганын, айрым күбөлөрдүн ал каза болгон жигиттин башына эки жолу урганы тууралуу көрсөтмөсүн жетекчиликке алып отурат. Бирок, анын жактоочусу булар анын киши өлтүргөнүнө далил боло албайт деп эсептейт.

Жактоочу У. Мойдуновду актоону сурайт

У. Мойдуновдун жактоочусу Кыйбат Кырбашева сот адилетсиз өкүм чыгарды, себеби анын күнөөсү далилденген жок деп эсептөөдө. Ага аргумент катары төмөнкүлөрдү келтирет.

Биринчиден, Х. Абдуллаева менен Р. Мойдунованын күбө катары сотто берген көрсөтмөсү туура экени тастыкталган эмес. Х. Абдуллаев каза болгон жигиттин иниси менен сүйлөшүп жүргөнү, демек кандайдыр бир кызыкчылык бар эске алынуусу зарыл эле. Анан да алар ошол күнү Б. Корголдоевдин үйүнө барышканын өздөрүнөн башка эч ким тастыктай албайт. Алар чынында эле ал жерге барышканбы же жокпу – буга далил жок. Кала берсе, аларды жеткирип барган кызыл түстүү «Тиконун» да дареги жок: анын мамлекеттик номери да, айдоочусу да белгисиз. Тергөөчүлөр аны «таппай» коюшкан.

Сот жыйынында кошумча күбө катары суралган +мүрбек Жакиев ошол 27-август күнү саат 23.20 чендерде атасы Б. Корголдоевдин үйүндө У. Мойдунов менен сөрүдө сүйлөшүп отурганын, анан ал мончого кирип жуунуп чыккан соң, арадан 30 мүнөттөй өткөндө, үйүндө эч ким жок экенин, баякы эки киши отурган жерде эч кандай уруш-талаш, тополоң болгон белги болбогонун айткан. Бул көрсөтмө Х. Абдуллаева менен Р. Мойдунованын 23.30дарда Б. Корголдоевдин үйүнө келсек, ал каза болгон кишини урду жана артынан сүйрөп, үйгө алып кирди деген көрсөтмөсүн четке кагып турат.

Сотто милициянын инспектору С. Кочкоров ошол күнү кечинде саат 22.15 чендерде айылдын борборунан эки жигит эки жакка ажырашып, Б. Корголдоев өз үйү тарапка кеткенин күбө катары көрсөткөн. Муну башка күбөлөр – Мурат Самиев жана Рустам Чолпонов да айтып көрсөткөн. Бирок, соттук өкүмдө бул көрсөтмөлөр кошулуп жазылган эмес жана өкүм чыгарууда эске алынбаган.

Жактоочу К. Кырбашева соттолуучу У. Мойдунов менен каза болгон Б. Корголдоевдин эки жакка ажырашкан убактысын тактоону эң маанилүү деп эсептейт. Анткени, сот У. Мойдуновду күнөөлүү деп табууда аны саат 23.30дар чамасында мас абалында атайын уруш баштап, колу-буту менен уруп, денесине жаракат келтирген деп тыянак чыгарган. Ал эми жогорудагы үч күбө, анын бири милициянын участкалык инспектору, бул эки жигит ага чейин эле чогуу болбой, эки жакка ажырап кетишкенин тастыкташкан. Сот муну да эске алган эмес.

Дагы бир жагдай: Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 82-беренеси боюнча кылмыштын фактысы жана жагдайы далилденүүгө тийиш экени көрсөтүлгөн. Сот өз отурумунда У Мойдунов Б. Корголдоевди сабап, денесине жаракат келтирүүгө негиз болгон жагдайды, кылмыштын мотивин аныктаган эмес. У. Мойдунов эмне себептен аны менен урушту, эмне себептен денесине жаракат келтирди? – деген жагдай ачылбай кала берди.

Дагы бир жагдай: сотто сот-медициналык экспертизанын корутундусу күнөөнү далилдеди дейт. Бирок, Б. Корголдоевдин алган жаракаты кантип пайда болду, аны эмнеден алды? – деген суроолорго да жооп жок. Себеби, күбө катары оор акыбалда калган Б. Корголдоевди биринчи көргөн фельдшер Зуура Каримжанова сот отурумунда муну далилдерп көрсөтөт. Ал 28-август күнү саат 01.10 чендерде атайын чакыруу боюнча барып Б. Корголдоевди көргөнүн, анын каза болуп калгандыгын, ал барганда каза болгондон 30 мүнөттөй өткөндүгүн, көкүрөгүн ачып, жүрөк согуусун, мойнун кармап, кан-тамырдын согушун текшергенин, бирок эч жеринде жаракаты жок болгонун, мойнунда же башында жаракаты болсо, ал карап жатканда көрүнмөк экенин, агасы жана апасы анын көп ичкенин айтышканын көрсөтмө катары айткан. Бул сот-медициналык экспертизанын корутундусунун чындыгына күмөн туудуруп турат.

Дагы бир жагдай, сот отурумунда У. Мойдуновдун жактоочусу ушул алешемдиктерди тактап алуу үчүн экспертти чакырып суроо тууралуу өтүнүчүн кабыл албай, аны канаттандырбай койгон. Эмне үчүн? Дагы бир кызык жери, өкүмдө минтип жазылат: «СБЭнин 6-сентябрь 2012-жылдагы №089, 90, 91, 96 сандуу корутундуга караганда буюм далил катары алынган эркектердин көйнөгүндөгү кан соттолуучу У. Мойдуновдун өзүнүн каны же Б. Корголдоевдин каны болушу мүмкүн деп көрсөтүлгөн. У. Мойдуновдун тырмактарынан алынган кан да У. Мойдуновдун өзүнүкү же Б. Корголдоевдики деп көрсөтүлгөн». Мындай бүдөмүк корутунду менен ким-бирөөнү күнөөлүү деп таап, аны 12 жылга эркинен ажыратып салса болобу?

Дагы бир жагдай: бул кылмыш иши боюнча окуянын кырдаалын калыбына келтирүү, тергөө экспериментин өткөрүү боюнча, буюмдук далилдерди алууга катышкан калыс күбөлөр да сотто суралган эмес. Эмне үчүн?

Анан калса, соттун өкүмүндө У. Мойдунов мас абалында, атайын уруш чыгаруу максатында аракет кылган деп жазылат. Бирок, күбөлөр анын мас эместигин айтышып, атайын уруш чыгарганын эч ким көрбөгөн болуп чыгууда. Бул далилсиз тыянактарды сот өкүмүнө эмне максат менен жазышкан?

Ушуларга негизденип, жактоочу К. Кырбашева У. Мойдуновду толук актоону сурап, Жалал-бад областтык сотунун административдик укук бузуулар жна жазык иштери боюнча соттук коллегиясына арыз менен кайрылды.

Соттук реформа адилеттикке алып келеби?

 

Эгемендик жылдары ичинде сотторго, алардын адилетсиздигине жана коррупциялашкандыгына нааразы болгондор саны геометриялык тартипте өстү. Акаевдин бийлиги учурунда элралык уюмдар Кыргызстандын калкынын 80 пайызы сотторго ишенишпестигин жарыя кылган. Бакиев учурунда да, азыркы мезгилде да сотторго болгон элдин ишеними жакшырып кетпеди. Акыркы мезгилде жүрүп жаткан сот реформасы учурунда да Базар-Коргон районундагы соттун мисалындай фактылар көп учурап жатат. 

Кылмыш болсо, аны тергөө органдары кандай болбосун ачышы керек, кылмыштын канча пайызы ачылды деген көрсөткүч үчүн күрөшүшөт. Тергөөчүлөрдүн профессионалдуулугу тууралуу да канааттануу менен айтыш кыйын, дайыма негиздүү нааразылыктар айтылып келет. Андан ары соттун алешемдиги, бир жактын кызыкчылыгына ооп кеткени, бир жактын тыянактарына маани берип, экинчи жакты укусу келбегени, өкүм же чечимде чыгарган өкүмгө ылайык келген гана тыянактар, аргументтер, көрсөтмөлөр орун алышы, мына ушулардын баары сотторубуздун адилетсиздигин даана көрсөтүп турат.

Өлкөнүн жогорку органдары Жалал-Абад областтык сотунун курамын кайра жаңыртты, айрым өзгөрүүлөр болду. Соттор тигил же бул критерийлер менен кайра тандалды. Эми мунун акыбети кандай болорун ушул кылмыш ишин кароодон көрө жатарбыз.

Ырас, күнөөлүү киши мыйзамдуу, адилеттүү жазасын алыш керек. Бирок, далилсиз тыянактар менен күнөөсүз бирөөнү узак мөөнөткө эркинен ажыратуу, адилетсиз өкүм чыгаруу да адилеттик эмес. Бул акыры барып коомго жакшылык алып келбеген нерсе


булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter