18 марта 2013, 09:56

Өмүркулов өчүн кызматкерлеринен алууда

Өмүркулов өчүн кызматкерлеринен алууда
Өткөн жуманын башында Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика” фракциясы кезексиз жыйын чакырып, калаа башчысы Иса Өмүркуловду кызматтан кетирүү боюнча маселени кабыргасынан койгон эле. Анда КСДП баштаган коалициялык көпчүлүк "республикачылардын” бул демилгесине каршы чыгып, Өмүркуловду калкалап, өздөрүнчө токтом кабыл алып ийишкен. Ага ылайык шаардагы ыңгайсыздыктарга мэр эмес мэрдин колунда ишетеген кызматкерлер күнөөлүү деп табылып, аларды үч күндүн ичинде кызматтан бошотуу талабы коюлган.

Андан эки күн өтпөй "өз каалоосу менен” деген сылык түшүндүрмө аркылуу вице-мэр В.Красиенко, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Б.Кудайбергенов жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Марат Мияров  кызматынан айдалган эле. Кызыгы ошол эле күнү вице-мэр В.Красиенко өз каалоосу менен арыз жазбаганын айтып чыккан.

Иса Өмүркуловдун ММКларга билдирүүсүнө караганда 18-мартта мэриянын Саясий атаандаштык боюнча башкармалыгынын башчысы Александр Багуда кызматынан бошотулду. Мэр аны дагы өз каалоосу менен кетти деп шардана кылды.

Кыязы, калаа башчысы ич күптүсүн кызматкерлеринен чыгарып жатат окшойт

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter