18 марта 2013, 10:04

Амалия Дамонте : “Франциск Папа мени 11 жашында сүйүп калып, же мен сага үйлөнөм, же кечил болуп кетем” деген

Амалия Дамонте : “Франциск Папа мени 11 жашында сүйүп калып, же мен сага үйлөнөм, же кечил болуп кетем” деген
"Биздин мамилелердин эң баалуусу ушул”, - дейт Амалия Дамонте La Repubblica гезитине берген маегинде  жаңы Папа тууралуу. Алар балачакта, 11 жашында бири-бирин жактырып калып, достук мамиледе болушкан.

"Эгерде мен калп айтып аткан болсом мени Кудайдын Ыйык энеси жазаласын”, - деген Амалия 60 жыл илгери Папа Францисктин  алгачкы махабаты болгон. Ал кезде алар Флорес кварталында жашашкан. Болочок Папа сүйгөнүнө сүйүүсүнүн белгиси катары үйдүн сүрөтү тартылган катты берип, "Мен сага үйлөнөм да экөөбүз үчүн ушул үйдү курам”. – деп айткан.

"Биз кошуна жашачубуз, дос катары жакшы мамилебиз бар болчу. Бирок, үйдүн сүрөтү түшүрүлгөн кат бардыгына чекит койду. Менин ата – энем биздин андан ары дос болушубузга ушул кат үчүн каршы чыгышты. Биздин үй – бүлө башка шаарга көчүп кеттик. Хорхе экөөбүз 60 жылдан бери көрүшө элекпиз”, - дейт Амалия.

Кабарчынын чын эле Бергальо эгер ага үйлөнбөсө анда чиркөө кызматкери болом деп айтканбы деген суроосуна Амалия Дамонте мындайча жооп берген: "Ооба, ата – энем экөөбүздүн чогуу ойноп атканыбызды көрүп калып, көп жолу мени жазалашты. Ал тургай атам бир жолу жаагыма чаап жиберди. Ошондон айбыгып, Хорхеге мындан ары мени менен ойнобой эле коюусун сурангам. Ал ачууланып эгерде мага үйлөнө албаса анда кечилдин тагдырын тандап алаарын айткан. Биз анда болгону 11 жашта элек. Келечекке чечим чыгарууга өтө эле кичинекей болчубуз”.

"Бизди экиге бөлгөн кат сакталган жок. Аны ошол замат апам тытып таштаган”, - деп кошумчалаган Амалия.

" Ал кең пейил адам. Анын өзгөчөлүгү айткан сөзүндө тура билгендиги. Эгер мен аны азыр кездештирсем жүрөгүң эмнени кааласа ошону аткар дейт болчумун.. Мен андан  бактысыздарды эч убакта унутпа деп өтүнөр элем.  Мен ал үчүн дуба кылам. Билем, ал абдан көп кыйналды. Ошондуктан ар дайым ал татыктуу болгон жетишкендиктерди багынтуусун тилечүмүн. Акыр аягында багынтты”, - дейт Франциск Папанын бала кездеги сүйүүсү Амалия Дамонте.

Булак: La Repubblica
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter