18 март 2013, 10:29

Салижандын сабактары

Кечээ залкар жазуучу жана сынчы, публицист Салижан Жигитов тирүү болсо 77 жашка чыкмак. Анын туулган күнүн утурлай 15-мартта публицист Алым Токтомушевдин "Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу китебинин бет ачары өттү. Анда Жигитовдун эскерүүлөрү, маектери камтылган.

Кыргызстандын илим жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган.

Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин президенттин кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, "Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси, Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас” университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору өңдүү кызматтарды аркалап келген. Кайран чыгаан калемгер 2006-жылы 11-февралда узак оорудан улам каза тапкан.

Булак: "Алиби”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020