18 март 2013, 10:43

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандын энергетика тармагында азыркыга чейин Бакиевдин схемасы иштеп жатат”

Кыргызстандын энергетика тармагында азыркыга чейин Бакиевдин схемасы иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, Коргоо кеңешинин отурумунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

«Энергетикалык коопсуздук - бул бардык мамлекеттердин коопсуздугу. Өткөн декабрда газ берүү азайганда миңдеген үй-бүлө жарыгы жок калды. Биз бул маселени талкуулап, тиешелүү чечим кабыл алышыбыз керек», - деди Алмазбек Атамбаев.

«Өткөн жылы "Түндүк электр” ишканасы электр энергиясын 18,5 тыйындан сатып алган. Транзитке 14,5 тыйындан төлөгөн. Ал эми элге 70 тыйындан, коммерциялык ишканаларга киловатын 1,5 сомдон саткан. Элге саткан электр энергиясынан компаниянын рентабелдүүлүгү 120, ишканалардан 354 пайызга жеткен. Ушундай рентабелдүүлүк менен зыяндуулук азайды деп айта алабызбы?», - деди мамлекет башчысы. 

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020