18 март 2013, 12:02

Жогорку Кеңеште КР мыйзамынын долбоору боюнча коомдук талкуу болот

Үстүбүздөгү жылы 25-мартта саат 10:00дө Жогорку Кеңеште «КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КР мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу болот. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Мыйзам ЖК депутаттары Талантбек Узакбаев, Сайдулла Нышанов, Абдумуталиб Кочкорбаев тарабынан демилгеленип, Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, административдик органдарынын ыйгарымдуу укуктарын жана милдеттерин Мыйзамдуу контролдоону камсыз кылууга, мамлекеттик органдарын ишкердиги жөнүндө коомчулуктун маалымат алууга мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга жана алардын отчётуулугун жогорулатууга, ошондой эле коомчулуктун административдик укуктук нормаларын иштеп чыгууга катышуусунун деңгелин жогорулатууга багытталган.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020