18 март 2013, 12:20

Дастан Сарыгулов, экс-мамлекеттик катчы: "Менден аялың Майрам аркылуу бир миллион доллар акча накталай алып кел дегениңде, «Алтын – элдики. Мен болгону жалданган кызматчымын. Ал акчаны бере албайм» деп жооп бергем"

Кыргыз элин кордоп, тентитип, азапка салып, эл байлыгын талап, уурдап, элге берген беш жолку антын унутуп, артын карабай качкан ууру, арамза Акаевге кыргыз атуулунан кайтарылган жооп

I.

Маегиңди «Мен эми чындыкты айтам» деп баштаптырсың. (Кыргызстанды коррупциянын сазына батырып, бүгүнкү кыйын абалга алып келген кишинин «чындыгы» кандай болгонун эл, айтпасаң да, жакшы билип калды).

Эми мен дагы болгон чындыкты кыргыз элиме айтып берейин. (Чындык ачуу болсо да, ошол иштердин баарын өзүң кылгансың, мен болгону аларды элдин эсине салып жатам).

Канадага учуп барып (1992-ж. жай айларында), эл аралык аферист Бирштейндин (кийин соттолуп кетти) коногу болуп, көрсөткөн «сый-урматына, чай-пайына» эрип кетип, "Кумтөр" боюнча акылга сыйбаган биринчи келишимди Канададан Чынгышев, Өмүралиевдерге кол койдуруп (кыргызстандык адистерди катыштырбай, эч бир талкууга койбой) келген өзүң эмес белең?!

Ал келишимде Кыргызстандын үлүшү араң эле 50% эмес беле? (Кийин кандай азап менен аны 60%га, дагы аракет кылып 67%га араң көтөрбөдүкпү).

1992-ж. күзүндө, Жогорку Кеңештин жыйынында мен ал келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербегенин ачык айтып чыкпадым беле?! (Стенограммада жазылып турбайбы).

Ал келишимде менеджмент акысы 10% эле (кийин кандай кыйынчылык менен аны 4,5%га түшүрдүк), СССР убагында чалгындоо иштерине кеткен 36 млн рубль же 45 млн. доллар, Кыргызстанга кайтарылып берилбеген ж.б. толгон-токой кемчиликтерди, каталарды минфин, минэкономика, мингеология, минэнерго ж.б. министрликтердин адистеринин катышуусу менен араң оңдоп, түзөтүп, Кыргызстан үчүн пайдалуу кылбадыкпы.

[«Кыргызалтын» концерни келишимдин өндүрүш-технология бөлүкчөсүнө гана жооптуу болгон.

Өкмөттүн курамына кирген ар бир министрлик, комитет Келишимдин тиешелүү бөлүкчөлөрүнө милдеттүү болуп, жоопкерчилигин өзүнчө көтөргөн.

Ал министрликтердин, комитеттердин укук-милдеттери «Кыргызалтынга»өткөрүлүп берилген эмес жана өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес эле!

Анда Баш мыйзамга карама-каршы келип, «Кыргызалтын» өкмөттүн укуктарына ээ болуп калмак].

Келишим кыйла оңдолуп, түзөтүлүп, Жогорку Кеңеште каралып, талкуулангандан кийин мага ыраазычылыгыңды билдирип, рахматыңды айтканыңды унутуп койдуңбу? 

«Келишим мынча оңдолбосо, мен отставкага кеткенге аргасыз болмок экенмин. Премьер-министр Чынгышевдин отставкасы менен Жогорку Кеңеш тынчыды дебедиң беле!

«Д.Сарыгулов бардык күнөөнү Чынгышевге оодарып, өзү адатынча «сүттөн ак» болуп чыга келген» деп, мени «көө менен шыбап» кетипсиң.

А чынында, Канадага барып, акылга сыйбаган келишимге Чынгышев менен Өмүралиевге (эл арасында экөө тең калмак деген кептер бар - редакциядан) (ал кезде Экономика министри) кол койдуруп, (алар кантип кол коюшту мен билбейм) «боткону», өзүң башында туруп, чалып келбедиң беле?!

Кабарчы маегинде минтип суроо бериптир: «Учурда Д.Сарыгулов менен Т.Чынгышев сизди «Камекодон» пайда көргөн деп айыпташууда.  Чын-төгүнүн тактап берсеңиз» деп.

Мен эгерим антип айткан эмесмин. Канадага силер менен бирге барган да эмесмин. (Ал убакытта мен Талас облусунун губернатору болчумун).

Айтса, Чынгышев Т. айткандыр (Канадага бирге барган адам катары).

«Бул суроо – кабарчынын чагымчылдыгы» деп айтат элем.

Эми дагы бир калпыңды жокко чыгарайын. Маегиңде «Сарыгулов 1998-ж. өкмөттүн макулдугу жок келишимге толуктоо киргизип, «Камекону» айрым салык төлөмдөрүнөн бошотуп коюптур. Андагы өзүм билемдиги үчүн Сарыгулов кызматтан алынган. Ошондон тарта өч алуу максатында мени каралап турбаса ооруп калаары бышык» деп айтыпсың.

Биринчиден, 1994-ж. 29 министр кол коюп, Өкмөт расмий бекиткен келишимге Өкмөт гана толуктоо киргизе алмак.

Келишимге 1998-ж. мен толуктоо киргизген күндө да, аны салык кызматы тоотмок да эмес, аткармак да эмес.

Сен мага куугунтукту 1997-ж. баштап (жерге жеке минчик киргизгениңде мен депутат катары ага катуу каршы чыкканымда, Жумалиевди премьер-министр кылганыңда «Жемсөөсү чоң канаттуу өтө бийик учалбайт» деп Жогорку Кеңеште айтканымда, эки жыл бою Керексизов, Талас элин сыйлабай, эки күн да Таласка барып койбогондо, Талас облусун жоюш керек деген маселе каралганда, мен Жогорку Кеңеште «Битке теңелип тонубузду отко ыргытабызбы?» деп айтканымда), 1997-1999-жылдары 7 жолу комиссия түзүп, «Кыргызалтынды» тынымсыз текшертип, мага жок жерден жамандык издеп, эчтеке табалбай, айлаң кетип, «Кыргызалтынга» корпоративдик башкаруу киргизгенге байланыштуу» деген шылтоо менен, мыйзамды одоно бузуп, мен эмгек эс алууда жүргөнүмдө мени кызматтан бошотконуңа кубанып, бир жума дачаңда арак ичип жатпадың беле?! Менден аялың Майрам аркылуу (сенин макулдугуңду албай ал минтип мага айта албайт болчу) бир миллион доллар акча накталай алып кел дегениңде, «Алтын – элдики. Мен болгону жалданган кызматчымын. Ал акчаны бере албайм» - деп жооп бергем. «Анда бөлөк адам сенин ордуңа барып, алып келет» - деп аялың коркутканда, мен «анда бөлөк адамды коюп алгыла» деп чыгып кеткем.

Мына ушундай окуялардан кийин сен мени кызматтан алып, ак жеримден кылмыш ишин козгоп, 6 жыл (1999-2005-жж. сен качып кеткенге чейин) үй камагына алдыргансың.(Ушул тапшырмаңды ийгиликтүү аткарган үчүн насили кыргыз эмес иниңди ага тергөөчүдөн өз администрацияңдын бөлүм башчылыгына дароо көтөрүп дайындаганыңды унутуп койдуңбу?).

(15 жыл кыргыз элин армансыз эле кордоп, насили кыргыз эместер ала албай калган өчүн толук алдың. Сенин ким экениңди, насилиң ким экендигин бүгүн кыргыз эли жакшы билет (Эл арасында А.Акаевди да калмак деп айтып жүрүшөт – редакциядан). Бүгүн сен чындыкты айтсаң да, кыргыз сага ишенбейт. Ал эми канча мени жамандасаң да, эл алдында жүзүм жарык, эл ичинде элим менен аралашып жүрөм. Сен болсоң, элден качып (эч ким сени куубаса да), элдин бетин карай албай, Кыргыз жерине келе албай жүрөсүң).

Экинчиден, 1994-ж. келишим күчүндө калса, 2003-2012-жж. "Кумтөр" тапкан пайданын 67%ы Кыргызстанга тиймек, эң эле аз дегенде – 2,8 миллиард долл. (же 3,5-4 млрд доллар), же өлкөбүздөгү  ар бир үй-бүлөгө 4 миң доллардан тиймек.

1994-ж. келишимди сен бузбаганыңда, кыргыз эли 2003-2012-жж. 130-180 миллиард сомду "Кумтөрдөн" өз үлүшү катары алмак эле.

Эгерде сен күчкө салып, адистерди, депутаттарды коркутуп, «Центеррага» "Кумтөрдү" сатып жибербесең!

«Центеррага» кошулбай, өзү эле иштесе, "Кумтөрдөн" Кыргызстан 2,8 же 3,5 миллиард долл. алмак эле!

Ал эми «Центерра» боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берсе, анда Кыргыз эли "Кумтөрдөн" 2003-2012-жж. 2,8-3,5 млрд доллардан да көбүрөөк каражат алмак!

А бирок, албай калбадыбы, алтындын баасы 4-5 эсеге көбөйсө да?!

Анын себеби төмөнкүдө. «Камеко» «Центеррага» алтынга чалгындоо иштери бүтө элек эки аянтты кошту. Бирок, ал аянттарда алтын бар болсо, бүгүн ал жерлерде алтын комбинаттары иштемек эле да! Бирок, иштеген жок да! Демек, бул аянттар жөн эле кыргыз элин алдап, «Камеконун» үлүшүн көтөрүүгө шылтоо болгон.

Монголиядагы алтын комбинаты (Камеко» «Центеррага» үлүш катары кошкон) болгону жылына 1,5-2 тонна алтын  өндүргөн.

"Кумтөр" болсо, карыздарынан кутулуп, жылына 20 тонна алтын өндүрүп, жерде дагы 300-400 тонна алтынга ээ болуп туруп «Центеррага» өткөрүлүп, бирок кантип Кыргызстан араң эле 16% үлүшкө ээ болуп калды?

Сенин бир тууган иниң (ал дагы казак элине сиңип кеткен насили башкалардан, 1932-жылдары казак ачарчылыктын азабын тартканда бабалары жанын сактап, кыргыз элине келип, туруп калган) элге айтып жатпайбы, 1994-ж. келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген эмес – деп. Кыргызстанга 2003-2012-ж.ж. 2,8-3,5 млрд долл. алып келе турган 1994-жылкы келишим кыргыз элинин  кызыкчылыгына жооп бербейт экен да, ал эми 2003-2004-ж. жана 2009-ж. келишимдер (кыргыз элин 2,8-3,5млрд доллардан кур калтырган) Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет экен да, сенин оюң боюнча?!

15 жыл бою президент болуп, кыргыз элин алдап келдиң. Бүгүн да насили кыргыз эмес инилериң менен кыргызды алдай берем десең, терең жаңылышасың.

Бүгүн кыргыз кимдин ким экенин жакшы ажыратып билип калды.

Менин ачык катыма жооп таба албаган Сариев Т. (анын да теги калмак деген эл арасында аңыз кеп бар – редакциядан), айласы кетип, сага кайрылган окшойт: "Сарыгуловду канча шыбап, көөлөбөсөм, болбой жатат, өзүң жардам бер" – деп.

”Арена.кg” гезитине чыккан маегиңден мен эми түшүндүм: "Кумтөрдүн" айланасында уюштурган саясый оюндардын баарында, көшөгө артында сен өзүң турган экенсиң, мындан ары да тура берет окшойсуң!

Бабаларыбыз: «Жылмайып күлүп, жалаңдап-жалмактагандан сак болгула» деп айтчу экен. 15 жыл мыйыгыңдан күлүп, жылмайып, кыргыздын түбүнө жеттиң.

Мисир досуң (Аширкулов) гезитке жазып чыккандай, сен Кыргызстандан 4,5 миллиард доллар алып чыккан экенсиң.

Бирок, «Центерра» аркылуу дагы 1-2 миллиард доллар алганыңды ал билбей калган окшойт. («Центерранын» акцияларын алган эмесмин дептирсиң. Акциялардан түшкөн майда акчаларга сен тоймок белең? Акылбек Жапаров 2005-ж. жазып чыкты эле: Акаев «Центеррадан» 500 миллион доллар алды" деп. Көрсө, ал дагы адашыптыр. «Центерранын» сыры эми ачылып, элге чындык жете баштады).

Аксы эли көтөрүлгөндө, айлаңды таппай калдың эле. Эми 2,8-3,5 млрд долл. акчасын сага уурдатып жибергенин түшүнгөн Нарын, Талас, Чүй, Алай, Ысык-Көл, Ош, Баткен эли көтөрүлсө, басып жүргөн орус жери сага чок болуп калбайбы?

II.

2005-ж. март элдик көтөрүлүшүндө сени кууп жиберелик деген ой эч кимде болгон эмес. Болгону эле «күзүндө өтчү президенттик шайлоого катышпайм» деген убадаңды алуу болчу.

Бирок, 15 жыл убакытта кыргыз элине кылган кыянат иштериңди өзүң жакшы билип, опол тоодой күнөөңдү сезген үчүн далбастап, тик учак менен заматта качып кеттиң.

Күнөөң болбосо, эмнеге качат элең?

Эми кыргызга кылган кыянат иштериңди учкай эле тизмектеп берейин.

- Колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды талоонго салып, тымтыракайын чыгарып жок кылдың. Анын азабынан далай элди жумушсуз калтырып, тентитип, чилдей тараттың;

- Үзөңгү-Кууш эч бир тарыхта Кытайдын жери деп аталбаса да, Кытай ал жерди сурабаса да, ага берип салдың (акысына эмне алдың аны эч ким билбейт);

- Алган келиниңдин калыңы катары Каркыраны кудаңа (казак президенти Нурсултан Назарбаевге – редакциядан) бердиң;

- «Кыргызпотребсоюз» пайщиктердин мүлкү болгонуна карабай, жарлыгың менен аны жоюп, элге керексиз кишини башына коюп, аялың үчөөң автолавкаларды, магазиндерди, далай миллиард рубль товарлары менен кошо «сугунуп» койдуңар;

- Аксы элин канга боёдуң.

- "Кумтөрдү", жаңы эле алган кредиттерди үстөгү менен кайрып берип, башы бошогондо «Центеррага» сатып, Кыргызстанды 2,8-3,5 млрд доллардан куру жалак калтырдың;

- 15 жыл ичинде өкмөттү 11 жолу таркатып, ар бир түзүмүн жаңы дайындоодо «аукцион» өткөрүп («Мээрим» фондунда) ар бир министрден далай акча чогултуп алып жүрдүң (ошол министрлер азыр да мактанып, канча акча бергенин өздөрү айтып жүрүшпөйбү);

- Кыргыз мамлекетинде сенден кийин бийлик жүргүзүп, элдин канын бүгүн да соруп жаткан коррупционерлердин атасы – сенсиң, энеси – аялың. «Адамдын көздөрү маңдайына берилген, анткени ал алга жылышы зарыл» деп буддалардын сөзүн келтириптирсиң маегиңде. Сенин көзүң маңдайыңда болсо, 15 жыл бийлик башында туруп, кыргыз мамлекетин алтымыш жыл артка сүйрөп таштабайт элең да!

Сен «үрөнүн сээп өстүргөн» ууру саясатчылар, эки жүздүү депутаттар, оппозиция сөрөйлөр, бүгүн да кыргыз элин кордоп, кууратып, сенин кылган кыянат иштериңди ийгиликтүү улантып жатышат. (Өзгөчө сенин насилдеш инилериңдин аракети зор болууда).

III.

«Сарыгулов мени каралап турбаса ооруп калаары бышык» деп маегиңде айтыпсың.

Сен мени куугунтукка алган ыплас иштериң, албетте, мага ден соолук кошкон жок.

Бирок, 1999-ж. бери 14 жыл өтсө да, мага кылган жамандыгыңды биринчи жолу ачык айтып жатам. Кеп менде эмес.

Кеп, сен кыргыз элинин сый-урматын көрүп, ишенимин алып, бирок кыргызды алдап, сатып, кордоп, мазактап кеткениңде болуп турат.

Мага да, сага да эл жана мезгил өзү тараза деп жообумду бүтүргүм келет. 

Булак: "Жаңы Ордо”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020