18 март 2013, 12:47

«Mail.ru» сайты мени үчүнчү күч катары көрсөтүүдө, - Т.Үмөталиева

 
«Mail.ru» сайты мени үчүнчү күч катары көрсөтүүдө, деп билдирди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бүгүн, 18-мартта АКИpress маалымат агенттигинде өткөн жыйында.

Анын айтымында, 13-мартта «Mail.ru» сайты анын 2010-жылы 7-апрелде тартылып алынган сүрөтүн коюп, өлкөдө абал оор деген маанидеги жаңылыкты таркаткан. Сайт сүрөттү коюуда эч кимге шилтеме келтирген эмес, же сүрөт 2010-жылы тартылгандыгын да маалымдаган эмес.

«Ушундай туура эмес маалыматтарды коюу менен аталган сайт менин беделимди түшүрүүгө аракет жасоодо. Мен бир гана Кыргызстанга эмес, чет мамлекеттерге да таанымал адаммын. Алардын алдында мени уят кылып жатышат. Сайт 13-мартта Кыргызстанда болгон митингди жазып, анын уюштуруучулары тууралуу маалыматтары жок болгондуктан менин сүрөтүмдү коюп салышкан. Ал митингге менин тиешем дагы жок. Менден эч ким уруксат сураган дагы жок. Эң кызыгы алар менин үчүнчү күч катары көрсөтүүдө», - дейт ал.

Ал кошумчалагандай, аталган сайттын администраторуна кат жөнөткөн. Ушул күнгө чейин андан жооп ала элек. Эгерде сайт 5 күндүн ичинде жооп берип, коомчулук алдында кечирим сурабаса, сотко кайрылат. «Аларды сотто утуп алып, миллиондогон сомдорду 7-апрелде жабыркаган адамдарга таратам же Кыргызстандын бюджетине которттурам», - деди ал.

Ушундай жалган маалыматтарды таркатуу менен аталган сайт Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда кырдаалды курчутууну көздөп жатат, деп кошумчалады ал.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020