18 март 2013, 12:54

Түштөн кийин түшүркөгөн министр

Билим берүү жана илим тармагын Канат Садыков деген министр жетектеп келет. Ыңкылаптан бери канча өкмөт алмашса да, компоюп өз ордунда кала берген. Чочугансып ар кайсы маселени көтөрүп койгону менен, аталган тармак улам барган сайын кургуйга кулап барат. Бул жолу да министр мырза коомчулукка бир шиңгил "белгилүү-белгисиз" жаңылыкты ыргытып койду. Көрсө, Кыргызстанда 15 жылдан бери мектептен сырткары балдар мекемелерине көңүл бурулбай жатыптыр. Азыркы министр болгондор же өкмөт башына келгендер бир адат тапты. Болгон маселени өткөнгө шылтай коюп кутулмай же калп эле алакан жайып отурмай. 15 жылдын ү жылын Сиз министр болуп отурбайсызбы, Канат Жалилович? Эмнеге сөзүңүздү "3 жылдан бери көңүл бурбай отуруп, эми колго алдым" деп баштабайсыз? Себеби, "мурдагы чоңдордун кемчилигин оңдойм, очорулган билим берүү, илим жана таалим-тарбия жагын өргө сүйрөйм" деп отурбадыңыз беле, алдагы орунга. Сиз министр болуп келгенде жаңы көз жарган бала, бүгүн сиз айтып жаткан таалим-тарбия берүүчү мекемелерге барганга жарап калды. Кыргызстандын булуң-бурчунда толтура мектептен сырткаркы таалим-тарбия мекемелери, анын ичинде М.Акаева жергиликтүү жетекчилердин "чөнтөгүн" кагып, жардам бердиртип, күчтөп түзгөн мекемелер колунан келишинче балдарга таалим-тарбия берүү менен алек. Бул иштерге ата-энелер да акчасын төлөп жардам беришүүдө. Маселе ал мекемелерге мамлекет тарабынан каржылык жана материалдык-техникалык жактан жардам берүүдө турат. Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, керек болсо Президенттин алдында маселе коюп, коңгуроо кагуу сиз жетектеген министрликтин түздөн-түз милдети го?...

Булак: "Алиби"


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020