18 март 2013, 13:32

Акаев эмнеге жан талаша баштады?

Азыркы кезде Москвада "сүргүндө” жүргөн экс президент Аскар Акаев аялы Майрам Акаева экөө алмак салмак ММКга чыгышып, адаттагыдай эле өздөрүн сүттөн ак көрсөтүп, Кыргызстандын да өздөрүнүн да азыркыдай акыбалына башкаларды күнөөлөп чыгышты. Айрыкча "Кумтөр” маселесинде Аскар Акаев 15 жыл элге кандай калп айтып келсе, азыр деле ошол адатынан жазбаганын даана крсөттү. "Азаттыктын” "Ыңгайсыз суроолорунда” Дастан Сарыгулов менен Темир Сариевдин ошол кезде кылган иштерин күбө тартып күнөөлөп өттү эле, экөө тең Акаевдин адаттагы калпын ошо замат чыгарышты. Темир Сариев 2003-жылы Жогорку Кеңеш токтомун көрсөтүп анда депутат кезинде Кумтөр боюнча кандай добуш бергенин далил менен айтты.
Негизи Аскар Акаевден кыргызстандыктардын сурай турган суроолору көп. Эмдиги жылы ал жетимишке чыгат. Жок дегенде ушу жашка келгенде чындыкты айтып берсе, балким эл да кечирип, ал мекенине коркпой үркпөй келээр беле... 

Булак: "Жаңы Агым”. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020