18 март 2013, 13:37

Төлөйкан Исмаилова: “Бийликтен “дежурный адамдар”, жыйырма үй-бүлө түшпөй койду”

- Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кызматка келгенине алты айдын жүзү болду. Ал жасаган ишинде кандай жыйынтык көрсөтө алды деп ойлойсуз?

- Биз азырынча ишинен конкренттүү эч нерсени көрө элекпиз. Эч кандай ийгиликтүү иштер боло элек. "Кумтөр” боюнча фонддун саясаты элге бир да пайда келтирүү реформа жасай элек. Баягы эле коррупция, жаңы кадр саясаты жок, "дежурный адамдар”, мурда иштеп, кызмат өтөгөн адамдарды кайра эле бийликке алып келүү өкүнүчтүү болуп турат. Алардын катарына Накен Касиевди кошсок болот. Кызматтан досторун, тааныштарын эле көрүүдөбүз. Бир аз акылдуу адамдар бийликке келип, качан өлкө өнүгүү жолуна түшөөрү да белгисиз бойдон калууда. Биздин азыркы абалыбыз "кризисный”. Ошондуктан жакшы адамдарды улутуна, тууганчылыгына карабай, иштеп кетишине карап алыш керек болууда. Бирок, биз азыр ал нерсени эч көрбөй, байкабай жатабыз. Бүгүнкү күнү өкмөт жакшы иштей албай жатат. Кичи айыл же шаар эмес, бүткүл Кыргызстан жакырчылыкта болуп жатат. Ошондуктан мен айтпайм жакшы иштеп жатат деп.

- Акыркы учурдагы өкмөттөгү дайындоолорго көңүл бурсак, көпчүлүгү пенсия курактагы саясатчылар экен. Анан бийликке жаңы элиталарды, жаңы жүздөрдү дайындаса болот беле?

- Ооба, акыркы дайындоолорду көрүп, кейип отурабыз. Лидерлик сапат деген азыркы учурда башкача болушу керек. Азыр бийликтеги адамдар бул менин досум эле, тууганым эле, аяшымдын баласы эле дешип иштей албаган адамдарды бийликке коюу туура эмес. Азыр премьерде мурдагы Нуралиевдин баласы иштеп жатат биз көргөнү. Ал деле ушунчалык Кыргызстанга пайда алып келчү адамдардан эмес. Ар бир ишке адамды дайындоодо конкурс керек. Ошол конкурстун негизинде аныктап, мыктыларын алып келиш керек. Азыр шахматтын доскасындай болгон оюн уланып, баягы эле жыйырма үй-бүлө бийликтен түшпөй койду деги эле. 

- ИИМде министрлердин тез алмашуусу реформаны тездетеби же элдин ишенимин жок кылабы? 

- Бул эми бир катар критерийлер менен каралышы керек. Мисалы, Кандай министр? Кандай сапаты, тажрыйбасы бар?-деп. Азыркы мезгилде бул жакка криминалдык, чоң күчтүн адамдары келип жатат. Ошол нерсе өкүнүчтүү жана бюджетти пайдаланып жатканы кыргыз элине жасалып жаткан душмандык болуп саналат. Баарына үстөмдүк кылып, көрүнбөй, бардыгын сарптап жатышат. Ошондой эле премьердин өзүнүн мамлекеттен алган 30миллиондук каражатынан да сарпталып жатат. Бул чоң коррупция. Сатыбалдиев бийликке келгени ошол нерселерден баш тартып, иш кылышы керек болчу. Ал азыр эч нерседен баш тарткан жок. Мурдагы эле бийликтин адамы болуп, баягы эле мыйзамсыздыкка, элди жакырчылыкка алып келип жатат.

- Эмне үчүн "Республика” фракциясы шаар башчысы Иса Өмүркуловдун ишине ишенбестик көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыкты? Булардын Өмүрбек Бабановду мэр кылабыз деген ойлору барбы? 

- Бул система азыркы учурда мурдагы системалар менен эч шайкеш келишпейт. Анткени, азыркы адамдар беш жыл мурунку адамдар эмес. Эл жаңы адамдарды, чынчыл иштеген адамдарды эңсейт. Эски адамдар бийликке келсе дагы, жаңы реформа менен иштеши керек. Мурдагы эле адамдар оозун чоюп сүйлөп, калптарды элге айтпашы керек. Ошол үчүн ички процедураларды карап, бийликке мени койду эле деген суроонун тегерегинде ойлонушу керек. "Республика” фракциясынын оюн азыр толук кандуу түрдө билбейм. Балким Бабанов мэр болуп калса, "Кандай иш алып бармак” деген суроо жаралат.

- Экс-спикер Мукар Чолпонбаев 13-мартта курултай өткөрүп, бийликке талап коёбуз деп чыкты. Мына ушундай уюштурулуп жаткан курултайлар канчалык деңгээлде элге натыйжа бере алат деп ойлойсуз?

- Мындай курултайлар боло берет жана болуп келген. Бардык жакта система өзгөрүшү керек. Система өзгөргөндө адамдар да башка болот. Бардык иш мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүп, иштеши керек. Курултайлар элге анчалык маанилүү болуп деле натыйжа бере албайт. Боло берсин курултайлар андан ким коркуп жатыптыр. Жыйынтык жок нерселер болуп эле келе жатканы баарыбызга маалым.

- Жакында эле "Парламентти таркатабыз”-деп айтып чыккан генерал Мирослав Ниязов 15-марттан тарта жер-жерлерде митинг уюштуруп, бийликти тартып алууну максат кылып жатат деген имиштер чыгууда. Буга кандай комментарий бере аласыз?

- Мен азыр баарын билем, түшүнөм. Азыр айткым келет. Эч кимдин бийлигин таркатып, тартып албашы керек. Акаев, Бакиевге окшоп каалаганын алып келип, элди башаламандыкка жеткизбөө керек. Анткени. азыр биздин өлкө ооруканадан жаңы чыккан оорулуу адамдай болуп турат. Анан Акаев кетсин! Бакиев кетсин! дешти эмне болду? Бир нерсе өзгөрдүбү? Жок, эч нерсе өзгөргөн жок. Ар ким чыгып, "Мен кыйынмын, кыйратам” дегендер токтолушу керек.

- Жаз алды менен башталган, модага айланган митингдер эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Митинг тынч, талаптары мыйзам ченемдүү болушу керек. Маселени чечкидей кылып, эксперттер менен иштеш керек. Мага бул, тигил, ал жакпай калды деп эле, Ай үйдүн дарбазасынан секирбеш керек.

 

Булак: "Арена.kg”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020