18 март 2013, 15:05

Кара-Суу шаарындагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысын бошотуу талабы менен 1 миңден ашуун жаран 10дой атчан митингге чыгышты

Бүгүн, 18-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райадминистрациясынын имаратынын алдында 1 миңден ашуун жаран нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өқүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

Акциянын катышуучулары Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Аким Баатырды 21-мартка чейин бошотууну талап кылышты.

Мурда маалымдалгандай, А.Баатыр КР ИИМнин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү  башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берген деген айып менен кармалган.

Митингдин катышуучулары  А.Батыр буюртма жол менен кармалгандыгын жана бул иш атайын ага карата уюштурулганын билдиришти жана акциянын катышуучулары бул ишке район акими Тилек Матраимовдун да катыштыгы бар деген шектенип жаткандыктары боюнча пикирлерин айтышты.

Акцияда Т.Матраимовдун отставкага кетишин талап кылышты.

Алардын айтымында, Сарай айыл өкмөтү А.Батырдын жетекчилиги менен социалдык жана экономикалык жактан өнүккөн аймакка айланган. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражатына мектептер, балдар бакчалары жана башка объектилер курулган. Маданият үйү республикада алдыңкы маданий жай катары бааланат. А.Батыр райондун борборундагы инфрасструктуранын жакшырышына да салым кошуп келген.

Акциянын катышуучулары менен жолугушууга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов келип, элди тынчтыкка чакырды.

Акциянын катышуучулары А.Батыр бошотулмайынча аянтка боз үй орнотуп, кезексиз митингдер улантыла берээрин билдиришти. Түштөн кийин митингчилер таркап кетишти.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020