18 марта 2013, 15:58

Жалал-Абад мэриясынын алдына такси айдоочулар митингке чыгышты

Жалал-Абад мэриясынын алдына такси айдоочулар митингке чыгышты
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына тизилген унаалардын бир катар айдоочулары нааразы болушуп митингке чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Чогулган таксисттер патент алып иштеп жатышкандыктарын билдирип, алардын ордун жылдырып жаткан шаардык мэрияга нааразы болушту. «Таксисттер ушул күнгө чейин А.Матросов көчөсүнө эл ташып, өздөрүнүн тиричилигин өткөрүп келишкен. Таксисттерди ордунан көчүрөбүз дегени туура эмес, ушул жерде эле калса элге да жакшы. «Айгүл» соода борборунун аялдамасына көчүрсө, жолубуз тескери, ошондой эле калктын чөнтөгүнө да зыян. Бул жерде турганыбыз үчүн ар бир такси 50 сомдон акы төлөп келебиз», - дешет алар.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Урмат Маматовдун айтымында, шаардагы Нагима Айтматова көчөсүндө турган таксилер толугу менен башка жактарга жылдырылат, себеби 2008-жылы мэриянын токтому чыккан. Ошол токтомдун негизинде жана кийинки киргизилген өзгөртүү, толуктоолор менен областтык ооруканага каттаган таксилер «Келечек» ачык акционердик коомунун унаа токтотуучу жайына киргизилет. Ал эми ошол жердеги Бегабат, Түркабат, Жийде жана башка жактардын каттамындагы кичи автобустар Барпы сейил көчөсүнө жайгашат. Мындан сырткары Матросов көчөсүнө каттаган таксилер «Айгүл» ачык акционердик коомунун унаа токтотуучу жайында турат.

«Таксисттер ал жерге жайгашып алуу үчүн аталган жай жеңилдик беребиз деп жатышат. Биринчи ал жерге барып, иштеп көрүшпөй эле нааразы боло беришет. Биз шаардын борбордук көчөлөрүн тыгындан арылтуу үчүн ушул иштерди жасоодобуз. Артка жол жок, баардыгы биз айткан жерлерде турушат. Базарга соода-сатык кылганы келген тургундар ал жерге унааларын кеңири токтотконго шарт түзүлөт», - деди ал.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter