18 марта 2013, 16:03

Акыркы 20 жылда Ак үй менен Көк үйдө К.Талиева деңгээли пас өкмөт мүчөсү болуптур, - «Алиби»

 
Акыркы 20 жылда Ак үй менен Көк үйдө К.Талиева деңгээли пас өкмөт мүчөсү болуптур, - «Алиби»
Акыркы убакта вице-премьер Камила Талиевага болгон сын-пикирлер токтой элек. Жантөрө Сатыбалдиевдин командасындагы «слабое звено» К.Талиева болгонун эч ким тана албаса керек, деп жазылат «Алиби» гезитинин 18-мартта чыккан санында.

Өкмөткө талапкерлигин көрсөткөн Феликс Куловго, «шылдың болбой, Талиеваны жумуштан алыңыз» деп кайрылган министр менен депутаттар күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Акыркы 20 жылда Ак үй менен Көк үйдө К.Талиева деңгээли пас өкмөт мүчөсү болуптур. «Бир кезде Ибрагим Жунусовду айтып жүрүшчү эле. Ал Талиева менен салыштырмалуу абдан иштерман, мамлекетчил жана кагазга так экенин баалагандар арбын», - деп жазат гезит.

Анда белгиленгендей, негизи эле өкмөттү эмес, бир кичинекей мекеменин ишин алып барууга жөндөмсүз, деңгээли төмөн адамдын мындай жооптуу кызматка дайындалганы албетте, Кыргызстандын аброюна сокку ураары анык. Жада калса колуна берилген даяр маалыматты окуп бере албаганы күйдүрөт да. Социалдык тармак болсо азыр оор абалда. Билим берүү министрлиги болобу, саламаттык сактообу — бардыгы чечкиндүү, тез реформага муктаж.

«Ушундай оор тармакты бир кезде ыраматылык Доке түбөлүк ысым ыйгарган ОБОНчуларды баштап жүргөн Камила Талиева жетектеп жатканы мамлекет башчыларды деле кызыктырбайт окшойт. Ошол ОБОНдон калган мүнөзүбү, айтор өз акылы менен бийлик кылгандын ордуна, кайдагы бир аты бар, заты жок грант жегич эксперттердин сөзүнө кирип, алардын ар бир кебине «майли» деп баш ийкеп турганы нени түшүндүрөт? К.Талиеванын сабатсыз оройлугу, өзүм билемдиги мамаппарат адистерин гана эмес, чет өлкөлүк өкүлдөрүн таң калтырып, элди уят кылып жатка чагы. Талиевдан башка эл башкарчу кыйын калбай калдыбы кыргызда?», - деп кошумчаланат гезитте.

Булак : «Алиби»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter