19 марта 2013, 07:54

Мукар Чолпонбаевдин өтмүшү менен эмкиси

Мукар Чолпонбаевдин өтмүшү менен эмкиси
Ары айлакер, ары юрист, тракторист, моряк, тергөөчү, министр болуп көптөгөн кесиптин башын кайсалаган Шалтак атанын тыңчыкма уулу бир кезде көлдүктөрдүн көөнүнө толуп, ЖКга эки жолу депутат болгон. Ал 20 ай бою - 1995-жылдын мартынан 1996-жылдын ноябрына чейин ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынына төрагалык да кылды. Бирок кашайып ал жерден жеп-ичкени үчүн ыргып кеткен. Тактап айтканда, ал ошол жылдары ЖК төрагасы катары «Ак шумкар» деген аты-жыты билинбеген фирма менен макулдашып, Жогорку Кеңештин 3,2 миллион сомун которуп эмерек алмай болот. Кийинчерээк Жогорку Кеңеш акчадан жок же эмеректин дайынын таппай калып, акыры бул иш сотко өткөн. Бир нече жолку текшерүүдөн кийин гана «Ак шумкар» фирмасынын жетекчиси Ш.Турганбаева, б.а. экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин жубайы болуп чыкпаспы!

Экс-спикерге ЖКнын финчарба башкармалыгы менен «Ак шумкар» ААКсы ортосундагы макулдашуу нормаларды бузуу менен түзүлгөн жана которулган акчалар туура эмес максатта пайдаланылган деген айып тагылып, анын бул «операциясы» үчүн «Ак шумкардын» катардагы кызматкерлери В.Смирнов менен Э. Дүйшөмбаев өз жазаларын алышты. В.Смирнов он жылга кесилсе, Э.Дүйшөмбаев ден соолугуна байланыштуу темир тордон аман калып, эбегейсиз чоң суммада айып тарткан. Бирок бул иштин башында турган М.Чолпонбаев депутаттык кол тийбестигинин аркасында жоопкерчиликтен кутулуп кеткен.

Булак: "Жаңы Агым”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter