19 марта 2013, 08:01

Коргоо министрлигинин адам өлтүрүүгө шектелген кызматкери кармалды

Коргоо министрлигинин адам өлтүрүүгө шектелген кызматкери кармалды
Чүй районунда Коргоо министрлигинин атайын кызмат бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Ал 32 жаштагы жаранды жанчып катуу сабаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 2013-жылдын 21-январында Чүй районунун аймактык ооруканасында 1981-жылы туулган М.М. аттуу жаран каза болгон. Белгилүү болгондой, ал денесинен оор жаракат алган.  

Чүй облустук ИИББи өлүмгө алып келген себептерди тактоо максатында сөөктү соттук- медициналык экспертизага жиберишкен. Анда, ал адам денесинен алган оор жаракаттан каза болгондугу аныкталып, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө учурунда Коргоо министрлигинин атайын кызматынын 1985-жылы туулган К.Ж. аттуу кызматкери шектүү деп табылып, кармалган.

Учурда ал тергөө абагында.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мончодо спирт ичимдигин ичип отурганда катуу чырлаша кетип, бири экинчисин катуу сабап салып, сабалганы ооруканага түшүп, каза болгон.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter