19 марта 2013, 08:36

Ат мертинип аксайт, азамат алкымынан аксайт

Ат мертинип аксайт, азамат алкымынан аксайт
16-март. 2013-жыл. УТРК. "Кумтөр” боюнча болгон көрсөтүүдө экономика министри Т.Сариев дагы эле көп сырларды жашырып, ачык айтпай койду. Маселен ошол телеберүүнүн алып баруучусу: -"Кумтөр” компаниясында Кыргызстандын 30 жаранынын акциясы бар экен, алар кимдер?” деген суроосуна Т. Сариев тайсалдап, ”Кумтөрдө” Кыргызстандын жарандарынын акциялары бар, бирок алар мамлекеттик кызматкарлер эмес” деди. Мамлекеттик кызматкер акцияларын үйдө отурган аялынын, ардагер агасынын наамына каттатып коюуш "чемичке чаккандай эле иш”. Демек, эгер эл десе Сариев баарын ачыкка чыгарыш керек эле. Ошондой эле ал :"мыйзам боюнча мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу айрым Кырызстандын жарандарына карата кылмыш иши козголбойт”- деп прокорордун милдетин да аткарып салды. Министр Канадалыктарга карата кылмыш иши козголоору туурасында болсо үн дебеди. А чынында юридикалык жактан алганда эгер бийлик Канадалык аферистерге карата кылмыш ишин козгоп, соттоп, "Кумтөрдүн” мүлкүн конфискацияласа Т.Сариев айтып жаткан "мөөнөт-сөөнөтүң” мыйзам алдында суу кечпей калат. Өкүнүчтүүсү, мындай кыңыр иштери менен бийлик - өз түбүнө өзү жетпесе болду.

Булак: "Назар пресс" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter