19 марта 2013, 08:42

Токтогул районунун тургундары унаа жол оңдолбосо Ош-Бишкек жолун тосууга даяр

Токтогул районунун тургундары унаа жол оңдолбосо Ош-Бишкек жолун тосууга даяр
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Чолпон-Ата айылдык округдарында жалпысынан 9 айыл бар, анда 16 миңден ашык калк жашайт. Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айылынын тургундары билдирди.

Райборбордон Токтогул – Беш-Таш багытындагы унаа жолдун узундугу 55 км. Бул жол ЖЭБ (ДЭУ) – 23түн карамагында турат. 1989-жылдан бери жолдун ремонт иштери жүргөн эмес. ЖЭБдин грейдери жылына бир жолу сүрүп өтүмүш болот.

Аталган аймакта кыргыз адабияты менен искусствосуна аттын кашкасындай таанымал Токтогул Сатылгановдун, Жоомарт Бөкөнбаевдин жана Коргоол Досуевдин үй музейлери жайгашкан. Жер шарты, жаратылышы кооз бул жерге чет жерден келген туристтер турсун, айыл тургундары өзүлөрү араң каттап жашап келишет. Райборбордон атайын маршруттук каттамдар жүрбөйт. Жеке менчик таксилердин жол киреси өтө кымбат. Себебин жолдун начардыгы, тетиктердин кымбаттыгы менен байланыштырышат.

«Эл аябай кыйынчылык абалда жашоосун улантып келет. Аталган айылдардын көйгөйлөрү тууралуу тиешелүү министрликтердин жетекчилигине бир нече жолу кайрылганыбыз менен андан эч кандай жыйынтык чыкпай келет. Ошондуктан чыдамы кеткен жашоочулар бул аймактагы жолду толугу менен быйылкы жылдын бюджетине киргизип оңдоп-түзөп бербесе, үстүбүздөгү жылдын 10-апрель күнү Ош-Бишкек жолун тосууга, митинг-пикеттерге чыгууга камданышууда», - дейт айыл тургундары.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter