19 март 2013, 09:03

Санжар Бакиев эртең эркиндикке чыгат

 
Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиевдин абактагы жаза мөөнөтү эртең аяктайт. Бул тууралуу «Фабула» гезити жазууда.

2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад облустук администрациясынын алдындагы массалык башаламандыкка катышкан, мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн, бийлик өкүлүнө кол салган деген сыяктуу айыптар менен айыпталып жаткан Санжар Бакиевди 2010-жылдын 2-ноябрында Жалал-Абад шаардык соту күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Туура эки жылдан кийин, 2012-жылдын 21-декабрында Жогорку сот буга чейинки өкүмдөрүн өзгөртүп, Санжар Бакиевди 75 миң сом мамлекеттин эсебине айып пул төлөтүү менен 10 жылдык абак мөөнөтүн 5 жылга кыскарткан. Соттолгонго чейинки абактагы 7 ай 6 күнү эки күндөн эсептелип, андан тышкары эгемендүүлүктүн урматына мунапыска тушуккандыгына байланыштуу жаза мөөнөтү дагы 1 жыл 7 ай 29 күнгө кыскарган.

Ошентип, Санжарың 5 жылдык жаза мөөнөтүн жадырап жайнап өтөп бүтүп, эртең эркиндикке чыкканы турат. Бул жерде сот акелер ачыктан ачык эле бала Бакиевди эртелеп эркиндикке чыгарууну көздөгөнү көрүнүп турат, деп жазат гезит.

Булак : «Фабула»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020