19 марта 2013, 09:16

А.Атамбаев айтты, бирок…

А.Атамбаев айтты, бирок…
Кечээ күнү А.Атамбаев Коопсуздук кеңешинде: «Биз Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кайгылуу окуялардын болушуна жол бербешибиз керек. Стабилдүүлүк ар бир үйдө, ар бир көчөдө жана айылда орнотулушу керек. Бирок, биз билебиз, бул кимдир бирөөлөр үчүн согуш, башкалары үчүн утуш. Кимдир бирөө ушундан упай топтоп келген. Биз маалыматтык согушта утулуп калдык, элдер ушундай ушактарга жана ыплас нерселерге ишенип алышты. Эгерде ким өлкөдөгү абалды курчутууну, талап-тоноочулукту, бийликти басып алууну кааласа, биз буга жол бербейбиз, мындай окуялар болбойт» деген пикир билдирди. Албетте, ким эле ызы-чуунун болушун кааласын. Бирок, президент, чын эле өлкөдө стабилдүүлүктү кааласа, анда далайларды нааразычылыкка түрткөн, үч жылдан бери тыгылып жаткан кадр саясатын ирээтке келтирип, айланасындагы кошоматчылардан арылып, бийлик бутактарына иш билги адамдарды алып келсе, балким, ошондо эл ичинде нааразычылык да азайып, өлкөдө стабилдүүлүк да орномок беле… 

Булак: "Назар пресс" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter