19 марта 2013, 09:21

Жантөрө Сатыбалдиев: “Өлкөнүн инвестициялык климаты начар абалда”

Жантөрө Сатыбалдиев: “Өлкөнүн инвестициялык климаты начар абалда”
Өлкөнүн инвестициялык климаты начар абалда. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта, Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин отурумунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

«Акыркы учурда өкмөттүн дарегине көптөгөн сындар айтылууда. Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңеш - бул биз жолукчу аянт. Бирок бизнес тармагы жакшыруунун ордуна кайра начарлап жатат. Бул жерде өкмөттүн дагы күнөөсү болушу мүмкүн. Бирок учурда өкмөт, тиешеси болсо дагы, болбосо дагы, айыпталып жатат. Ички дүң продукциядагы жылыштарга карабай биздин киреше тармагыбызда көйгөйлөр болуп жатат. Бюджеттин чыгаша бөлүгүндө да ушундай эле көрүнүш. Абал өтө оор, айрыкча чет элден инвестиция тартуу маселесинде мүчүлүштүктөр көп», - деди Жантөрө Сатыбалдиев


булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter