19 марта 2013, 09:38

ЖК комитетинин төрагасы К.Иманалиев АКШда бир катар жолугушууларды өткөрдү

ЖК комитетинин төрагасы К.Иманалиев АКШда бир катар жолугушууларды өткөрдү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев АКШга жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарында «Сорос» фондунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууyнун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн ички коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абалы менен байланышкан, Кыргызстанда парламентаризм жана демократиялык институттардын өнүктүрүү жаатындагы маселелерди талкуулады. Демократиялык өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылып жатып, мамлекеттик кызматкерлер аппаратынын туруктуулугу менен кесипкөйлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ал эми 15-мартта К.Иманалиев АКШ Мамлекеттик департаментинде Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Р.Блейк менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандагы демократиялык жүрүмдөр, Жогорку Кеңеш тарабынан көрүлүп жаткан парламенттик демократияны бекемдөө жана өнүктүрүү чаралары тууралуу сөз жүрдү. АКШ Мамкатчысынын жардамчысы биздин өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзам үстөмдүүлүгүн бекемдөө жаатындагы жетишилип жаткан ийгиликтерди канагаттануу менен белгиле  ди. Аны Жогорку Кеңештин коңшу өлкөлөрдүн парламенттери менен болгон байланышы да өзгөчө кызыктырды.

Андан сырткары, К.Иманалиев Вашингтон шаарындагы Түрк-Америка альянсынын башкы кеңсесинде болуп, Альянстын перзиденти Фарук Табан менен жолугушуу өткөрдү. Ал Түрк-Америка конференциясын жогорку деңгээлде уюштурушкандыгы менен куттуктап, кыргыз делегациясынын катышуусуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Түрк-Америка альянсынын ортосундагы кызматташтык мамилелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Кыргыз парламентчилерине Түрк-Америка конференциясынын усулунда парламентчилер менен бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн Кыргыз-Америка форумун өткүрүү сунушталды. Ошону менен бирге, Ф.Табун мындай демилгени колдоого даяр экенин билдирди.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter